Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Москвада эрдик көрсөткөн Марат Исаевди мэр Сергей Собянин кабыл алат


Москванын мэри Сергей Собянин метродо эрдик көрсөткөн эки адамга ыраазылыгын жеке жолугушууда айтмай болду. Бул тууралуу ал кечээ Twitter баракчасына жазды. "Ушинтип чоочун бирөөнүн өмүрү үчүн эрдикке барган адамдар - баатырлар" деди ал.

11-февралда Москва метросунда талмасы кармаган орусиялык аял рельске кулап түшкөн. Жүрүп келаткан поезддин жакындашына саналуу гана секундалар калганына карабастан аны эки адам өз өмүрүн тобокелдикке салып сактап калган. Алардын бири полиция кызматкери Артем Королюк, экичиси кыргызстандык Марат Исаев болчу.

Марат Исаев Москвада курьер болуп иштейт. Президент Алмазбек Атамбаев кечээ ага сый белек катары саат тартуулап, акчалай сыйлык берүүнү буйруду. Ал эми белгилүү ишкер Эмил Үмөталиев негиздеген Kyrgyz Concept компаниясы Москва-Кыргызстан-Москва каттамына учакка бекер билет тартуулоону чечти. (RK)

XS
SM
MD
LG