Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, силкинүү 26-февраль күнү, саат 5:31де катталып, күчү 3,5 баллды түзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Күрмөнтү айылынан 20 чакырым аралыктагы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында болгон. Катар жайгашкан Күрмөнтү, Кутургу айылдарында силкинүүнүн күчү 2,5 баллды түзгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн кыйроолор жана жапа чеккендер жок.(ZKo)