Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:16

Улуттук тестирлөөгө каттоо бүгүнтөн тарта башталды


Каттоо 7-апрелге чейин жүргүзүлөт. Жалпы Кыргызстан боюнча 130 тестирлөө борбору уюштурулмакчы. Жалпы республикалык тестирлөөгө мурунку жылдардагы бүтүрүүчүлөр жана ошондой эле чет мамлекеттердин бүтүрүүчүлөрү да катышып, упайлары жетсе Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан окуй алышат.

Бул тууралуу Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун башчысы Инна Валькова 26-февралда маалымат жыйынында билдирди. Ал ошондой эле тестирлөөгө телефон жана башка жаздыруучу, тасмага алуучу техникаларды алып кирүүгө тыюу салынарын баса белгиледи.

Бүтүрүүчүлөрдүн билимин аныктоочу Улуттук тестирлөө 17-майдан 21-майга чейин жүргүзүлөт. Ага каалоочулардын баары катыша алат. 16 жаштан өткөн абитуриенттер тестирлөөгө паспорту менен гана киргизилет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG