Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:27

"Апрелчилерди" ойго салган сот өкүмү


Апрель окуясы боюнча сот. 2-март, 2016-жыл
Апрель окуясы боюнча сот. 2-март, 2016-жыл

2-мартта апрель окуясы боюнча соттук териштирүү уланды.

Сот Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиcи Мурат Суталинов менен Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Данияр Дунгановду камакка алуу тууралуу мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Жабырлануучулар сот өкүмү күчүнө кирсе, эркиндикте жүргөн айыпталуучулар качып кетет деп шектенүүдө.

Үй камагында калышты

Мамлекеттик айыптоочулар соттолуучу Мурат Суталинов менен Данияр Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу өтүнүчүн 1-марттагы сот жараянында беришкен. Айыптоочуларды жабырлануучулар жана алардын адвокаттары да колдоого алышты.

Апрель окуясынын жабырлануучуларынын коомдук өкүлү Осунбек Жамансариев аталган эки соттолуучу сот өкүмү күчүнө киргенге чейин качып кетет деген кооптонуулар бар экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Мамлекеттик айыптоо биринчи сот бутагынын өкүмүн камсыз кылуу үчүн 20-25 жылга эркинен ажыратылып, бирок эркиндикте жүргөн эки кишинин баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү суранды. Азыр булар бош эле жүрүшөт, аларды сот залынан камакка алынсын деген өтүнүч келтирилген.

Соттун жүрүшүнөн бир көрүнүш
Соттун жүрүшүнөн бир көрүнүш

2014-жылы 25-июлдагы Бишкек шаардык аскер сотунун өкүмүнө ылайык Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги башчысы Мурат Суталиновду 20 жылга, ал эми Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Данияр Дунгановду 25 жылга кескен. Буларга адам өлүмү менен коштолгон 7-апрель окуясында элге ок атууга буйрук берген деген айып тагылган. Экөө тең ден соолугуна байланыштуу сот өкүмү күчүнө киргенче үй камагына чыгарылган.

2-марттагы жараянда судья Нурлан Ашимбек уулу мамлекеттик айыптоонун өтүнүчү боюнча каршы тараптын да пикирин укту. Аталган айыпталуучулар менен алардын адвокаттары баш коргоо чарасын өзгөртүүгө каршылык билдиришти. Айыпталып жаткан Мурат Суталинов эгер баш коргоо чарасы өзгөрсө, ден соолугу кайра начарлап кетерин айтты:

- Мен кеминде эки оору менен алышып жатам. Азыр химия терапия алып жаткан учурум. Эгер кайра камалып, муздак бетон дубалдардын ичине барсам, оорум күч алат. Мен бир ай болсо да, жакшыраак дарыланып алуум зарыл.

Суталиновдун сөзүн уккан соң соттук коллегия кеңешүүгө кетти. Кеңешүүдөн кийин соттук коллегиянын чечимин ага төрагалык кылуучу судья Нурлан Ашымбек уулу тааныштырып, Суталинов менен Дунгановдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз каларын маалымдады.

Кийинки соттук териштирүү 9-мартта уланат. Анда тараптар жарыш сөзгө чыгат.

Чубактын кунундай чубалган...

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүүнүн жүрүп келатканына алты жылга аяк басты. Ушундан улам жабырлануучулар да акыйкаттык болорунан үмүтү үзүлгөнүн айтышат.

Адвокат Сартбай Жайчыбеков Суталинов менен Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу сунушту прокуратура жоопкерчиликтен качуу максатында эле келтирди деген пикирде:

- Эгерде кокус бир нерсе болуп кетсе, прокуратура өзүнөн жоопкерчиликти алышы керек. “Биз айтканбыз, камагыла дегенбиз, аны сот аткарган жок” деп актануу үчүн гана жасады деген ойдомун.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген апаат учурунда мурдагы президент Курманбек Бакиевге каршы митингге чыккан 90го жакын адам набыт болгон.

Апрель окуясы боюнча сот ошол эле жылы ноябрда башталып, 2014-жылдын 25-июлунда Бишкек гарнизонунун аскердик соту УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлерин актаган өкүм чыгарган. Ал эми Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, дагы бир катар жооптуу кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылган. Бирок эки тарап тең мындай өкүмгө макул болбой жогорку инстанцияга доо арыз жолдогон.

Ушул тапта камакта Курманбек Бакиевдин коопсуздук боюнча кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев, «Альфа» атайын тобунун жетекчиси Алмаз Жолдошалиев, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Каныбек Жороев УКМКнын тергөө абагында отурушат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG