Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

“Лонг Хай” талаштуу жол курулушуна 17 млн. доллар жумшады


“Балыкчы – Корумду” автожолун куруп жаткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясы ушул мезгилге чейинки курулуш иштерине 17 млн. доллар сарптады. Бул тууралуу компания өкүлү Чен Шо Фан “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, аталган каражатка 50гө жакын техника, эки таш талкалоочу түзүлүш алынган жана суткасына 320 тонна асфальт чыгарчу завод курулган.

104 чакырымды түзгөн “Балыкчы – Корумду” автожолун оңдоого бюджеттен 6,8 млрд. сом бөлүнгөн. Тендерди уткан “Лонг хай” компаниясы мамлекеттик сатып алуу мыйзамдарын бузду деген негизде парламенттик жана өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Депутаттар кытайлык компанияга жан тартты деп Темир Сариевди айыптаса, өкмөттүк комиссия тендер чыры боюнча транспорт министри Аргынбек Малабаевдин жоопкерчилигин кароону талап кылууда.(UEz)

XS
SM
MD
LG