Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

ИИМ “Коопсуз шаарды” колго алды


Бишкек шаары
Бишкек шаары

Кыргызстандагы жол кыймылын жана тартипти жөнгө салууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорун мамлекет өзүнүн күчү менен ишке ашыруусу мүмкүн.

Бул тууралуу парламентте баяндама жасаган ички иштер министри Мелис Турганбаев жол эрежесин бузууларды каттоого карата видео байкагычтарды орнотуу эксперименти ийгиликтүү ишке ашканын айтып, саясий эрк жана баштапкы каржылык колдоо болсо долбоорду ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Бирок айрым депутаттар анын ийгиликтүү иштешинен күмөн санап, мурда үзгүлтүккө учураган тендер боюнча сот бүтө электе парламенттин токтом кабыл алышына каршы чыгышты.

Сыноонун ийгиликтүү жыйынтыгы

Жогорку Кеңеш өкмөткө “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну кайрадан карап чыгууга багытталган токтом долбоорун кабыл алды. Парламенттин тиешелүү комитетинин сунушу менен бул токтом долбоору палатанын кароосуна былтыртан бери экинчи ирет киргизилди.

Мелис Турганбаев жана Алмазбек Атамбаев
Мелис Турганбаев жана Алмазбек Атамбаев

Ички иштер министри Мелис Турганбаев парламент жыйынында мамлекет бул долбоорду чет элдик компаниянын жардамысыз эле өз алдынча ишке ашыра ала турганын айтып чыкты:

- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча былтыр ийгиликсиз өткөрүлгөн тендер бизге башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын жана ыкмаларын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Биздин өз алдынча киргизилген автоматташтырылган тутум менен иштөө натыйжалуу экенин көрсөттү. Биз буга чейин бюджеттен бир тыйын албай туруп, бул долбоорду жайылтуу менен жол кыймылындагы эреже бузуулардан түшкөн айып пулдун эсебинен аны этап-этабы менен ишке ашырууга бел байладык. Жалпы айып пулдан түшкөн акча эми чет жакка же кайсы бир жеке колго кетпейт. Ошондуктан бул тутум кайсы бир чет элдик жеке компанияга эмес, өзүбүздүн мамлекет үчүн эки-үч эсе пайда алып келерин түшүндүк. Учурда бул долбоор реалдуу жана ийгиликтүү жүрүп жатат деп ишендире алам.

Каралган каражат

Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга баштапкы эсеп боюнча жалпысынан 636 миллион сом керектелет. Анын ичинен 500 миллион сомго чукул каражат 2016-жылы Бишкекте видео байкагычтарды орнотуп, аларды борбордук серверлер менен туташтырууга, программалык жабдуулар менен камсыздоого жана кошумча автоунааларды сатып алууга жумшалат. Бирок бул каражат быйылкы жылдын бюджетине киргизилбей калган.

Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков бул долбоорду каржылоо шарттарын белгиледи:

- Бирок ошого карабастан тиешелүү иштер жүрүп жатат. Өкмөт бул долбоорго 30 миллион сом каражат бөлүү боюнча буйругун чыгарды. Тиешелүү комитет уруксат берсе, ал акчаны мына ошол долбоорго жумшап турабыз. Былтыр жол эрежесин бузуулардан 340 миллион сом айып пул түшкөн. Ошонун 85 миллион сому Жол кайгуул кызматына берилет. Мындан сырткары 2016-жылы айып пулдан түшүүчү каражаттын 25 пайызы да ошол жакка чегерилет.

Бирок ошол эле кезде айрым парламент депутаттары бул токтомду кабыл алуу азырынча эртелик кыларын айтып чыгышты. Анткени өткөн жылы тендерден утуп алган орусиялык компания менен Ички иштер министрлиги соттошуп бүтө элек.

Буга байланыштуу парламенттин КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча токтомду кабыл алууда анын мыйзамдуулугу боюнча маселе чыгарын эскертти:

- Урматтуу депутаттар, бул токтомду карап, кабыл алганыбыз мыйзамсыз болуп калат. Анткени бул боюнча тендердин мыйзамдуулугуна укуктук баа бере турган соттун жыйынтыгы чыга элек. Соттун чечими чыга электе эле биз бул токтомду кабыл алсак, анда кандай болуп калат? Жогорку Кеңеш Башкы прокуратурага же башка жакка токтом менен тапшырма бере албайт. Сотто териштирилип бүтө элек маселе боюнча парламент токтом кабыл алууга акысы жок. Ошон үчүн муну күн тартибинен алып койсок.

Күмөн саноолор дагы эле күчтүү

Бирок парламент депутаттарынын мына ушуга окшогон каршылыгына карабай өкмөткө долбоордун каржылоосун чечүүнү сунуштаган токтом кабыл алынды. Өкмөт беш жылдан бери бул долбоорду ишке ашыра албай жатканы белгилүү. Ички иштер министрлиги былтыркы тендерде мыйзам бузуу болгон деген негизде анын жыйынтыгын жокко чыгарган.

Учурда Ички иштер министрлиги соттун чечимин күтпөстөн мамлекет муну өзүнүн күчү менен ишке ашырат деп ынандырууда. Ички иштер министри Мелис Турганбаев эксперимент ийгиликтүү болду деп ишендиргени менен былтыртан бери Бишкекте болгону бир гана видео байкагыч орнотулганы айтылды.

Парламенттин “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев мындай дейт:

- Сиздерде бир так анализ барбы? Эгерде бул долбоорду мамлекет өзүнүн күчү менен ишке ашырса, анда ал канча убакытта өзүн-өзү актайт? Анткени биз бул долбоордон түшө турган кирешенин элүү пайызын уткан компанияга беребиз дегенбиз. Мына ошол жагынан эле алганда канча жылда акталат? Анткени бул жерде көбүндө кандайча мамлекеттики болот деген ишенбөөчүлүк болуп жатпайбы.

Ички иштер министри эксперимент катары орнотулган видео байкагыч бир күндө катталган эреже бузуулардан түшкөн айып пул 120 миң сомду түзгөнүн мисал келтирди. Эгерде шаарда ошондой он комплекс орнотулса, анда бир айда жазанадан түшкөн акчанын өлчөмү 210 миллион сомду түзөрү белгиленди.

Министр Турганбаев мындай шартта Бишкекте жылына 70тен ашуун видео байкагыч сатып алып орнотсо болорун жана андан ары “Коопсуз шаар” долбоорун өлкө боюнча кеңири жайылтууга мүмкүнчүлүк болорун билдирди. Бирок борборлоштурулган серверге катталган эреже бузуулардын коопсуздугу жана айкындыгы боюнча маселе ачык бойдон калды.

XS
SM
MD
LG