Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:14

Беларус жана АКШ элчилерин кайтарууга даяр


Дипломаттардын жолугушуусу.
Дипломаттардын жолугушуусу.

АКШнын жогорку даражалуу дипломаты Скот Рауленд жана Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей алардын өлкөлөрү элчиликтерин кайра калыбына келтирүүгө даяр экенин 25-апрелде Беларуста билдирди.

Министр Макей “эки тарап мамилелерди нормалдаштырууга даяр” экенин Минскиде билдирди. Рауленд өз кезегинде элчилерди кайтаруу маселеси быйылкы жылдын соңунда талкууланып калышына үмүт артарын айтты.

Беларус АКШдагы элчисин 2008-жылы чакыртып алып, АКШнын элчиси да Беларустан чыгып кетишин талап кылган. Минск мындай кадамга Батыш менен Минскинин тирешүүсү учурунда АКШ "Белнефтехим" компаниясына санкция киргизгенден кийин барган. (AiT)

XS
SM
MD
LG