Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Жол: Айланайын, абайла...


Бишкек, Кыргызстан
Бишкек, Кыргызстан

Статистикалык маалыматтарга кайрылсак, дүйнө жүзүндө жыл сайын жол кырсыгынан 1,5 млн адам каза болсо, анын бешинчиси – жаш бала.

Кыргызстанда жылына жети миңден ашуун жол кырсыгы катталып, миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылат. 1,5 миңден ашуун жол кырсыгы балдардын катышуусунда болот.

Жаш балдар катышкан кырсыктын кантип алдын алуу керек? Ата-энелер өздөрү жол эрежесин сактайбы? "Азаттык+" ушул суроолордун алкагында атайын берүү даярдады. Маселени элге толук жеткирүү үчүн биздин топ бир катар эксперименттерди жүргүздү.

Гүлжан жана анын кызы Аруужандын ар бир күнү бейтапканага баруудан башталат. Кайгыга баткан эненин эки жылдан бери бир буту ооруканада болсо, экинчи буту бүтпөгөн сотто.

2014-жылы Караколдо жол кырсыгы катталып, андан эки жарым жаштагы Аруужан майып болуп калган. Наристенин энеси Гүлжан Сатылганованын алты кабыргасы сынган.

Гүлжан Сатылганова кырсыкка кабылгандан бери иштебейт. Болгон убактысын Аруужанды караганга жумшайт. Минтип үйүнүн алдындагы короодо ойносо да, баланын ар бир кадамы анын көз алдында. Ал чак түштө мас абалында машина айдаган орган кызматкерлери эмдигиче жазаланбай, ээн-эркин жүргөнүнө ыза болот. Анын үстүнө үй-бүлө операция жасатуу үчүн Түркияда жүргөндө иш жабылып, эненин аракетинен кийин гана сот процесси жылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бүтпөгөн сот отурумдарынан майнап чыкпай келет.

Жаш балдардын катышуусунда катталган кырсыктардан балдар автоунаанын ичинде болгон фактылар аз эмес. Балдарын машинеге салып жүргөн ата-энелер көпчүлүк учурда коопсуздук эрежесине маани бербейт. Аларды “маичилер” токтоткон кезде деле балага кур тагуу керектигин түшүндүрбөйт.

Жол: Айланайын, абайла
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:17 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG