Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Түрк күчтөрүнүн соккусунан 55 согушкер жок кылынды


Сирия.
Сирия.

Түркиялык маалымат каражаттары түрк аскер күчтөрүнүн Сириядагы Ислам мамлекети экстремисттик тобуна соккусунан 55 согушкер жок кылынганын жазып чыкты. Мамлекеттик “Анадолу” агенттигинин маалыматы боюнча, армия Алеппо шаарында согушкерлердин автоунааларын жана ракета учурчу жабдууларын талкалаган.

Ошондой эле түрк аскер учактары Ирактын түндүгүндөгү тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы ээлеген позицияларына сокку урду.

Акыркы учурда Түркиянын бир нече шаарында жардыруулар орун алды. Андан январь айынан бери 20га жакын адам мерт болду. Түрк бийликтери бул Сириядан келген согушкерлер уюштуруп жатканын билдирүүдө.

Премьер-министр Ахмет Давудоглу өткөн айда "керек болсо Сирияга аскер жиберүүгө даяр" экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG