Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Тикмечилер мода мыйзамдарын үйрөнүүдө


Ануш Гаспарян кыргызстандык тикмечилерди окутууда
Ануш Гаспарян кыргызстандык тикмечилерди окутууда

Бишкекте кыргызстандык тикмечилер үчүн "Заманбап мода индустриясынын структурасы. Ишкананын өнүгүүсүн багыттаган мыйзамдар" деген темада тренинг өттү. Иш-чара Эл аралык соода борборунун (ITC) "Кыргызстанда сооданы өнүктүрүү" программасынын негизинде Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен уюштурулду.

Тренингге тигүү жана трикотаж компанияларынын жетекчилери, маркетологдору, дизайнерлери катышты.

Жергиликтүү тикмечилерге бизнес сырларын ачып берүү үчүн Москвадан келген адис Ануш Гаспаряндын (Fashion Consulting Group) айтымында, Кыргызстандын сапаттуу товар өндүрүү потенциалы өтө жогору, мыкты жабдылган фабрикалар бар. Тренингге катышкандар азыркы мода индустриясынын талаптары, атаандаштыкка туруштук берүү ыкмалары, кардарларды тартуу боюнча кеңири маалымат алышты.

Кыргызстанда майда тигүү цехтери көп. Соңку жылдары Кытайдан келген товардын агымына туруштук бере албай алардын көбү жабылууда. Ошондой эле Казакстанга, Орусияга экспорттоонун көлөмү азайды. (RK)

XS
SM
MD
LG