Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Ирактагы жардыруулардан 30 адам набыт болду


Иракта 11-майдан бери күн ара уюштурулуп жаткан теракттардан 140тан ашуун адам мерт болду.
Иракта 11-майдан бери күн ара уюштурулуп жаткан теракттардан 140тан ашуун адам мерт болду.

Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 15-майда уюштурган бир катар жардырууларда отуздай адам жашоо менен кош айтышты.

Багдадга жакын газ заводунда 15-май күнү жардыргыч заттар жүктөлгөн унаада жанкечти өзүн жардырып жиберген. Анын артынан эле согушкерлер заводго бастырып кирип, коопсуздук күчтөрү менен салгылашканын расмий булактарга таянып, Reuters агенттиги маалымдады. Багдаддын ыкчам командачылыгынын төрагасы билдиргендей, өкмөт күчтөрү заводду өз көзөмөлүнө алганга чейин жоочулар газ сакталчу үч кампаны өрттөп жиберген.

Ошол эле күнү Багдаддан 30 чакырым алыста жайгашкан Латифия шаарындагы базарда мина орнотулган автоунаа жарылып, жети адам набыт кетти. Күч түзүмдөрү берген маалыматтарга караганда, он сегиз киши түрдүү даражада жаракат алып, ооруканага түштү.

Анын артынан эле Багдаддын дагы бир бөлүгүндөгү соода күркөлөрү жайгашкан жерде үч ирет бомба жарылды. Сегиз жайкын тургун набыт кетип, 28 адам жарадар болгон.

Иракта 11-майдан бери күн алыс эле уюштурулуп жаткан теракттардан 140тан ашуун адам жашоо менен кошо айтышты.

XS
SM
MD
LG