Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Тоолуу Карабак: уруштан кийинки сүйлөшүү


Илхам Алиев менен Серж Саркисян акыркы ирет 2015-жылы декабрда сүйлөшүү өткөргөн.
Илхам Алиев менен Серж Саркисян акыркы ирет 2015-жылы декабрда сүйлөшүү өткөргөн.

Азери жана армян президенттери бүгүн Венада жолукканы жатат. Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүү аймакта өткөн айда абал чыңалып, ондогон адамдын өмүрү кыйылгандан кийин алгачкы ирет өтүүдө. Бирок талдоочулар бул жолугушууда олуттуу эч нерсе күтүлбөй турганын белгилешүүдө.

Батыш маалымат агенттиктери билдиргендей, Венада азери жана армян президенттери менен АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугушары күтүлүүдө.

Илхам Алиев менен Серж Саркисяндын сүйлөшүүлөрүнө Тоолуу Карабак боюнча ортомчулар - АКШ, Орусия, Франциянын “Минск” тобунун өкүлдөрүнүн катышары да белгиленген.

Эки президенттин бул жолку сүйлөшүүлөрү быйыл 2-апрелге караган түнү кырдаал чукулунан курчуп, Азербайжандын аскерлери менен Тоолуу Карабактын Армения колдогон жикчилдери ортосунда куралдуу кагылыш күчөгөндөн бери алгачкы ирет өтүүдө.

Тоолуу Карабакта 2-5-апрель күндөрү болгон окуялар 1994-жылы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу жетишилгенден берки эң ири кыянатчылык катары бааланган. Өткөн айдагы атышуулардан эки тараптан кеминде 75 жоокердин жана бир нече жайкын тургундун өмүрү кыйылды.

5-апрелде Орусиянын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу макулдашуусу жетишилген. Бирок андан бери макулдашуу бузулуп жатканы үчүн эки тарап бири-бирин утур-утур айыптап келишүүдө.

Азербайжандык саясат таануучу Арыстун Оружлу “Азаттык” менен маегинде Баку менен Еревандын турумун эске алганда Венадагы жолугушуудан олуттуу жыйынтык күтүлбөй турганына токтолду:

Арыстун Оружлу
Арыстун Оружлу

- Себеби жаңжал аймактагы, ага катышкан тараптар, ошондой эле ортомчулар ортосундагы кырдаал адаттан тыш бир нерсе болорун убада кылган жок да. Апрелдин башындагы аскерий активдүүлүктөн кийин биринчи кезекте Арменияда ички саясий кырдаал олуттуу өзгөрдү. Президент Саркисян оппозиция менен байланышка барды. Экинчи жагынан ортомчулар, мисалы, Орусиянын тышкы иштер министри, премьер-министринин соңку айткандарын эске алсак, Москванын Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу боюнча турумунда мурдагыдан чоң айырма бар. Ошол эле учурда биз Минск тобунун америкалык тең төрагасынан Орусияныкына карама-каршы ойду уктук. Ал сүйлөшүүлөр алдын ала эч кандай шарт коюлбастан башталуусу керек деп айткан. Андыктан сүйлөшүүлөрдөн жакынкы аралыкта бир нерсени күтүү абдан оптимисттик болмок.

Саясат таануучу Арыстун Оружлу Азербайжандын Арменияга коюп келе жаткан талабы башынан эле туруктуу - ал аскерлерди “оккупацияланган аймактардан” чыгаруу экенин кошумчалады.

Армения колдогон Тоолуу Карабактын күчтөрүнүн туруму.
Армения колдогон Тоолуу Карабактын күчтөрүнүн туруму.

Еревандык саясат таануучу Александр Искандарян “Азаттык” менен маегинде Тоолуу Карабактагы соңку чыңалуудан улам Арменияда ички саясий абал олуттуу өзгөрдү деген пикирлерге кошулган жок, бирок саясий күчтөрдүн биригүүсү жагынан өзгөрүү болгонун белгиледи.

Талдоочу Искандарян да Венада сүйлөшүүсүнөн олуттуу жыйынтык күтүлбөйт деп эсептейт.

- Менимче сүйлөшүүлөр эки тараптын күчтөрү чектешкен тилкеде атүгүл ишеним орнотуу чаралары эмес, кырдаалга көз салып туруунун техникалык ыкмалары жөнүндө гана болсо керек. Сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир жылыш болушу азыркы шартта күтүлбөйт. Учурдагы жолугушуунун негизги идеясы кыянатчылыктарды токтотуп, саясий жараянды калыбына келтирүү, ишеним чараларына өтүүгө аракеттенүү. Эгер Венадагы жолугушууда байланыштарды улантуу жагы ырасталса эле, бул азыркы кырдаал үчүн жаман ийгилик болбойт.

Апрелдеги чыңалуудан кийин Арменияда оппозициячыл депутаттар тобу Тоолуу Карабакты көз карандысыз өлкө катары таануу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, өкмөт ал мыйзамга өз аныктамасын берип парламентке жөнөткөн. Бирок парламент талаштуу мыйзамды азырынча күн тартибине киргизе элек.

Азербайжандын армяндар жашаган Тоолуу Карабак аймагы өлкөдөн 90-жылдардын башындагы согушта ажырап кеткен. Анда 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG