Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Нурлан Калыбеков: Бизде интеллигенция жок


Акын Нурлан Калыбеков.
Акын Нурлан Калыбеков.

Кыргыз адабиятындагы жаңы муун жаш акындардын кесиптик камылгасында, адабий даярдыктарында бир топ өксүктөр бар. Анткен менен жаш адабияттын окурманга жетиши, аны жайылтуу жагында иштеле турган жумуштар деле бир топ. “Нурборбор” жаштар чыгармачылык академиясынын негиздөөчүсү акын Нурлан Калыбеков менен кабарчыбыз мына ушул маселелер боюнча аңгемелешкен.

“Азаттык”: Жаштар поэзиясы, муну сиз алардын жаш өзгөчөлүгү катары түшүнөсүзбү же башка себептери барбы?

Нурлан Калыбеков: Азыр эмне көп - партия көп, ал эми мамлекеттин идеологиялык машинасы жок. Жаманбы-жакшыбы Акаевдин тушунда мамлекеттик катчы деген бар эле, ал коомдук уюмдарда болгондорду президентке жеткирип турчу. Чыгармачыл уюмдарда жылыштар болуп турчу, мен ушундай байкачумун.

Адабият менен искусство мамлекеттик колдоо болбосо өнүгө албайт экен. Сүрөөнчүлүк батышта, Америкада жакшыдыр. Бизде андай аң сезим жакшы өнүгө элек. Жаштар адабиятын айтпай туруп, улуу муундардын адабияты кандай экенин карап көрбөйлүбү.

Илгери цензура маалында китептер чыкчу. Басмадан жарык көргөнчө канча талкуудан өтчү. Азыр эми чөнтөгүңдө тыйының болсо китеп чыгара берет экенсиң. Дагы бир байкаганым - жеке жоопкерчилик жоголду. Бир дем менен жазган чыгармасын китеп кылып чыгарганга ашыккандык байкалат. Реклама, пиар кылганды жакшы билип алып кооз ырларды жазганга өтүп алышты.

Анын үстүнө адабий процесс деген жок болуп калды. Аны жеке сүрөткер же сүрөөнчү жасай албайт экен. Жазгандарга көз салчу Жазуучулар союзу ижара акысын төлөй албай, айлыгын бере албай отурат. Муну караган өкмөттүк бир мекеме болбосо адабий процесс деле жүрбөйт экен. Адабий сынчылар сын жазбай, тарыхка өтүп алышты. 20 – 30-жылдардагы адабият тарыхы, жазуучулардын өз ара мамилесин иликтеп, жалаң теория жагына өтүп алышты. Эми баарын эле мамлекетке шылтап отура берген да болбойт.

“Азаттык”: Сиз ошон үчүн чыгармачылык бирикмени түздүңүз да?

Нурлан Калыбеков: Эми ал илгери эле Жазуучулар союзунда “Топ жылдыздар” деп түзүлгөн. А кезде Надырбек Алымбеков союздун төрагасы болчу. Балдарды чогултуп келип ийримдин ишин жандантабыз деп аракет кылганбыз. Кийин аты өзгөрүлүп кетти. Анан мен да четтеп кетип токтолуп калган. Акыркы жылдары аны кайра уюштурайын деп колго алганбыз. Бирикмени академияга айлантып, жаштарды окутуп, китептерин чыгарып, антологияларын түзүп, Кыргызпатент менен келишим түзүп, жыл сайын жетиден автордун китебин чыгарып келдик. Улуулар тигинтип жатканда жаштар өз киндигин өздөрү кесип дегендей. Бирок ал масштабдуу болбосо коомдук уюмдун эле деңгээлинде кала берет экен.

“Азаттык”: Азыр акындарга толук дегидей эркиндик берилди. Алардын алдында окурмандын көңүлүнөн түнөк табыш гана калды. Азыркы жаш акындар мурдагылардан кыйла айырмаланат. Көбү өз ырын жатка окуйт. Окурманга жетиш үчүн акындар дагы кандай формаларды издеп табыш керек?

Нурлан Калыбеков: Жакындаганы жакшы. Бирок адабият пиардын денгээлинде калбай, өзүнүн коомдук миссиясын аткарып атабы? Адеп-ахлак дейбиз, адабият коомду алдыга сүйрөшү керек дейбиз. Публика алдап коёт. Азыр дүркүрөп кол чаап, бирок 50 – 100 жылдан кийин кабыл албай койсочу?

Ушу тапта изденүүнү эки-үч акындан эле байкап атам. Турмушта проблемалар толтура. Акын ошону айтса эл аябай кол чабат. Совет адабиятынын 20 – 30-жылдары колхоздоштуруу, жер алгандарга мактоо айтуу, ураан-чакырык басымдуу кылчу. Азыр болсо шыбап эле жатып калмай, баарынын ышпалдасын чыгармай болуп калды. Кыргыз мындай болду, минтип баратат, тигинтип баратат дегенге келип калдык.

Жакында биздин жаш акындар Таласка барып келишти, быйыл тарых жана маданият жылы болуп атпайбы. Биздин “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөлөрү мына кечээ эле Нарындан келишти. Эми Көлгө, андан кийин Ошко барышат. Илгерки "бюро пропагандага" жетпесе да окурмандар менен жолугушуулар өтүп жатат. Менин убактым жок бара албадым. Ушундай иштеп жүрүп жатат, эл жакшы кабыл алып жатат дейт.

“Азаттык”: Азыркы жаш акындардын кесиптик камылгасында өксүктөрү толтура. Сүрөткер өзүнө чейинки көркөм тажрыйбаны терең өздөштүрүшү абзел. Айрымдар көркөм текст турмак автору ким экенин билишпейт. Бул билим өксүгүнөн чыккан көрүнүшпү же саман-топону аралаш шарттагы көнүмүшпү?

Нурлан Калыбеков: Туура баамдапсыз, азыр ички даярдыгы менен эле жазып жүрүшөт. Таланты бар, ошонусу менен эле жаза беришет. Муну менен биз алыска бара албайбыз. Изденүү жок, акын болоюн деген ички дымак менен эле жазып калышты. Мунун келечегин айтыш кыйын.

Калемгерлер топ-тобу менен келет экен, 60-жылдар, 80-жылдардын поэзиясы деп. Анан иргелет. Азыркы коёндой окшош адабияттан бири-биринен өзгөчөлөнгөн касиетти таба албай турам. Канча какшап айттым, жаштарды жетектеп жүргөндө кадимкидей тапшырма берчүмүн. Бир жумадан кийин мынабу акынды окуп келгиле, биринчи кыргыз адабиятын бүтүп алалы, анан КМШ адабиятына өтөбүз дечүмүн. Боордош казак, тажик, анан орус адабияты, европалык адабиятка өтөбүз деп окудук. Жаштыктын дымагы менен жүрүп көбү оку десең окубайт экен. Алдына чоң максат койгон, жалпы массадан бөлүнгөн айрым идиректүүлөрү эле болбосо калганы айырмаланбайт.

“Азаттык”: Сиз айтып жаткан адабияттагы жаңычылыктын чыгып калышына ошол 60-жылкы муундун көбүнүн билимди чоң борбордон алышы себепкер болгон. Азыр эми жагдай башкача. Азыр китепке болгон мамиле өзгөрдү. Мындай шартта жаш акын эмне кылышы керек?

Нурлан Калыбеков: Илгери беш жыл адабият институтунда окушчу. Анан эки жылдык жогорку адабий курс бар эле. Эми азыр Орусия өзүнчө өлкө. Адабият институтуна окуш үчүн жылы 60 миң – 90 миң рубль төлөш керек. Болуптур 2 жыл деген көп убакыт. Аны биз өзүбүздө жасасак болбойбу. Мисалы, Эрнис Абдыжапаровдун мастер класстары иштеп атат.

Москвадагы эки жылдык адабий курста мен да окугам. Ал жерде программасы абдан кенен. Андан кыскараак убакка биз деле чеберчилик мектебин уюштурсак болбойбу? Айтматов тирүү кезинде Айтматов жайкы мектеби, анын төрт бөлүмү бар эле. Ушуну өзүбүз жасасак кандай болмок? Мисалы, үч айлык кылып. Жаштар бир эмес, көп чеберлердин лекцияларын укса. Муну уюштурса болот. Бир кишиге бул оордук кылат экен. Акындардын жолугушуулары, китептер, мунун баарына жеке адам чарчап калат экен. Мунун сүрөөнчүлүк жолун таап уюштурса болчудай. Эми аны ким кылат?

Илгери университетте адабий курстар ачылган. Кийин жоюлуп кетти. Гуманитардык университетте адабий чеберчилик боюнча бир топ ачып койсо эмнеге болбосун. Бирок аны таппай калдык го. Азыркы интеллигенция коркок, аба ырайына карата ышкырып калыптыр. Анан кайдыгерлик, өзүмчүлүк, оокатымды жакшы кылып алсам деген эле жан. Жамааттык сезим тойдо, өлүм-өтүрүктө көрүнүп, чыгармачыл адам жетим баладай четте калып баратат. Бир эле депутатты кармоого 6 – 7 миллион сом жөн эле кетет. Бюджетте жок-жок деп отурушат, жеп коюшкан да. Улуттук баалуулуктарга келгенде биздин төбөлдөр салкын кандуу мамиле кылат. Бизди улут кылып турган сөз өнөрү, көркөм дөөлөттөрүбүз. Муну мен такай айтып келатам.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG