Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:19

Кара-Көлдүн мэрине кылмыш иш козголду


Жалал-Абад облустук прокуратурасы Кара-Көл шаарынын мэрине карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган мэрге карата кылмыш иш козголгону жана мыйзамдарды бузганы үчүн премьер-министрге аны кызматтан алуу боюнча сунуш киргизди.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Кара-Көлдүн мэри шаардагы 1 миң 513 чарчы метр жерди кафе куруу үчүн 15 жылга мыйзамда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөн арзан ижарага берген. Анын эсебинен мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келген. Ошондой эле шаарга караштуу 15 гектар жерди цемент завод курууга мыйзамсыз берип койгон. Бул факттар боюнча Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “жер мыйзамын бузуу” жана “жерге байланыштуу мыйзамсыз келишим түзүү” беренелери боюнча иш козголду.(BkA)

XS
SM
MD
LG