Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:15

Журналист менен араздашкан депутаттын талабы аткарылган жок


Гүлзада Медралиева
Гүлзада Медралиева

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун журналист Гүлзада Медралиеваны парламенттик аккредитациядан ажыратуу талабы аткарылган жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" журналист өзү билдирди. Айтымында ал депутатка өспүрүм кыздарга үйлөнгөндөрдүн никесин кыйган молдолорду жазалоо тууралуу мыйзам долбооруна карата пикирин сурап кайрылган жана жарандык активисттердин мыйзамсыз курулуштар боюнча жыйынына чакыруу тапшырган. Натыйжада эл өкүлүнүн ачуусу келип, журналистти залдан кубалап, аккредитациядан ажыратууну талап кылган.

"Жарандык активисттер мен Жогорку Кеңештин ичине кирүүгө укугум бар болгондуктан чакырууну берип коюумду өтүнүшкөн, себеби коомдук кабылдама же почта аркылуу жөнөткөндө жооп ала алышпайт" дейт Медралиева.

Журналисттин белгилешинче, бул аракети үчүн аны расмий аккредитациядан алууга эч негиз жок.

Медралиева депутат аны "Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөбөйсүң" деген өңүттө күнөөлөгөндүктөн өзү тууралуу кызыгып көргөнүн айтууда:

- Конфликт болуп кеткенден кийин мен "Бул адам өзү "Ак Жолдун" депутаты болуп турганда Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөчү бекен?" деп атайын кызыгып көрдүм. Көрсө, Каркыраны берген экен, пансионаттарды берген экен... Буга чейин ал адам тууралуу кызыгып көргөн эмес элем.

50 жаштагы Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышына "Өнүгүү-Прогресс" партиясы аркылуу келген. 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиев негиздеген "Ак Жол" партиясынан депутат болуп шайланган. Ошол жылдары парламенттин чечими менен Кыргызстандын Каркыра жайлоосу Казакстанга өткөн.

Депутат өзү журналисттин бүгүнкү билдирүүсүнө байланыштуу комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG