Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:01

"Талибан" Гилмендде жыйырмадай адамды кармап кетти


Ооган коопсуздук күчтөрү жолду кайтарып турушат. Гилменд провинциясы, 21-июнь, 2016-жыл
Ооган коопсуздук күчтөрү жолду кайтарып турушат. Гилменд провинциясы, 21-июнь, 2016-жыл

Ооган бийлигинин маалымдоосуна караганда, алар 21-июнда автобус жана эки жүк ташуучу автоунаада бараткан кезде Вашер районунда кармалган.

Гилменд провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Омар Зуактын айтымында, жүргүнчүлөр Кандагардан Гератка бараткан. Кармалгандар талиптер көзөмөлдөп турган Мариа районуна алып барылышы ыктымалдыгы айтылууда. Окуянын күбөлөрү жоочулар ооган аскерлеринин кийиминде болушканын жана адегенде 60 кишини барымтага алышканын билдиришкен. Аялдар жана балдар коё берилген.

Талиптердин билдирүүсүнө караганда, алар кармалгандар арасынан расмий адамдарды издешет. Ооган өкмөтү менен байланышы жоктор бошотулат. Ал эми тиешеси барлар талиптер билдиргендей “ислам соту” менен жазаланат. (AiT)

XS
SM
MD
LG