Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:50

Анталияда алданган Айсана куткарылды


22 жаштагы кыргызстандык Айсана (аты өзгөртүлдү) Түркиянын Анталия шаарында мажбурлап сойкулук менен иштетип жаткан жерден качып чыккан. Ал мындай кырдаалга иш издеп барып, алданып калган. Алдамчылардын торунан араң бошонгон Айсана бул тууралуу ошол замат полицияга кабарлаган.

Айсананын апасы телефондон көз жашын тыя албай окуя тууралуу буларды айтып берди:

- 28-июнда чала тааныш бирөөлөр аркылуу Анталияга учуп кеткен. Баргандан кийин эки күн катары менен чалып турду. Иши жакшы экенин, интернет клубда официант сыяктуу болуп, кофе-чай ташып иштеп жатканын айтты. Үчтөн он бирге чейин иштейт экен. Кызымдын үнү жакшы эле болчу.

Ал кызынын Түркияга кетем дегенине алгач каршы чыккан. Бирок айлык акысы дурус болот деп Айсана апасын көндүргөн экен.

Жаңы жумушка орношкон Айсана үч-төрт күндөн кийин колу бошобой жатканын шылтоолоп, телефон чалбай, интернетте кат жазып гана байланышып калган.

- Ошентип байланыша албай калды. Анан кечээ мага ыйлап чалды: “Эки күндөн бери мени уруп-согуп, сабап жатышат. Түнкү ишке чык деп мажбурлап жатышат” деп айтты. Алар сабап, кызым эси ооп жыгылганда, бекитип кетип калышыптыр. Кызым ойгонуп, мага чалыптыр. Анан терезеси ачык экен. Терезеден кыйкырып, кошуналарды чакырып, полицияга чалдыртыптыр. Өзү “апа, мен булардын колунда калгыча, полицияга түшкөнүм жакшы” деп айтып жатты.

22 жаштагы Айсананын окуясын угар замат Анталия жана Измир шаарларындагы журтташтар чогулуп, аны менен байланышуунун жана жардам көрсөтүүнүн аракетин көрүшкөн.

Айсана өзү анча-мынча эле англис тилин билгени болбосо, түркчө такыр үйрөнбөй эле барганы маалым болду.

Измирдеги журтташыбыз Максат Дыйканбаев Айсананын өзү менен байланышканын "Азаттыкка" айтып берди:

- Кыргызстандан бир аял менен таанышыптыр. Ал Түркияда мейманканада иштейсиң деп алып келген экен. Бул жакка келгенде бир орус аял тосуп алыптыр. Башынан эле ошондой түнкү иште иштейсиң деп кыйнаган экен. Айсана өзү башында бир топко туруштук берип, макул болбоптур. Бирок кийинчерээк баары бир кыйнап, ишке салышкан экен.

Максаттын айтымында, Айсананы мажбурлап ишке салган орус улутундагы аял жана анын түрк шериктешин ошол эле күнү полиция кармаган. Бирок суракка алынган соң эле кайра кое берилген.

Стамбулдун Лалели көчөсү
Стамбулдун Лалели көчөсү

Айсананы болсо полиция чет элдиктерди убактылуу кармоочу борборуна которгон.

- Биздин кыз ошол полиция бекетинде отурганда аны медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн ооруканага алып барышат. Ошол жолдо машинанын ичинен Айсана дагы токмоктолгон кыргыз кызын көргөнүн айтты. Анын абалы да өтө оор экенин айтат. Бирок ал кызды башка жакка алып кетишкендиктен байланыш үзүлүп калган. Азыр биз ал кыздын дайнын билүүгө аракет жасап жатабыз,- деди Максат.

Ал эми Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги жана Стамбулдагы консулдук Айсананын окуясы тууралуу кабардар экенин айтышты. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери Айсананын өзүнөн расмий арыз менен кайрылуу болбосо да ага жардам көрсөтүүнүн бардык аракеттерин көргөнүн билдиришти. Ошентсе да окуя боюнча полиция тергөө жүргүзүп бүтмөйүнчө расмий билдирүү жасоо эрте экенин айтышты.

Айсана болсо эки күндөн кийин Кыргызстанга депортацияланды.
Мурдараак “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Руслан Молдакунов сексуалдык кызмат көрсөткөн кыргызстандык кыздардын маселеси жума сайын чыгып турарын айткан эле. Консул ошондой эле Түркияда сойкулук менен алектенген кыздар көбүнчө бул ишке өз каалоосу менен барышарын, кийин полицияга кармалганда ар кандай шылтоолорду айтышарын кошумчалаган.

Ал эми расмий маалыматтарга караганда, чыныгы кулчулукка кабылгандардын саны 3-5 пайызды түзөт.

XS
SM
MD
LG