Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Көчмөндөр оюндарына 29 мамлекет катышарын бышыктады


Кырчын жайлоосу, көчмөндөр оюндары.
Кырчын жайлоосу, көчмөндөр оюндары.

Ысык-Көлдө сентябрда өтө турган II дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 29 мамлекет катышарын ырастады.

Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы берген маалыматка ылайык, мелдешке Азербайжан, Аргентина, Армения, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Израиль, Индия, Индонезия, Италия, Казакстан, Кытай, Колумбия, Латвия, Литва, Монголия, Нидерланды, Пакистан, Перу, Польша, Орусия, Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Шри-Ланка, Эквадор жана Эстониядан спортчулар келишет. Башка мамлекеттерден өтүнүчтөрдү кабыл алуу уланууда.

Эрежеге ылайык спорттук мелдештерге катыша турган мамлекеттер табыштамаларын 7-августка чейин жөнөтүшү керек.

II дүйнөлүк көчмөн оюндары быйыл 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Катышуучулар көчмөн элдерге таандык спорттун 23 түрүнөн күч сынашат. (SE)

XS
SM
MD
LG