Быйылкы жаңы окуу жылында өлкөдөгү 10 мектепте пилоттук негизде “Диний маданияттын тарыхы” аттуу предмет киргизилет.
Бул тууралуу Дин иштери мамлекеттик комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечимдин маселелерин талкуулаган Коргоо кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Мындай жол менен окуучулардын дин тууралуу түшүнүгүн калыптандырып, диний радикализмге бөгөт коюу максаты коюлууда.
“Диний маданияттын тарыхы” сабагы мектептерде 9-класстын базасында киргизилет. Бул долбоордун алкагында жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларында пилоттук негизде тандалып алынган мектептердин мугалимдерине тренинг өткөрүлөт. (BkA)