Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Султанов: Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршымын


Кылычбек Султанов
Кылычбек Султанов

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы болуп, кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Анын арызы азыр президенттин кароосунда.

Тышкы иштер министрлиги анын себебин элчиликти жабуу ыктымалдыгы менен байланыштырууда. Бирок Кылычбек Султанов "Азаттык" радиосуна курган маегинде аталган мекеменин билдирүүсүн четке какты.

“Азаттык”: Сиздин кызматтан кетүү тууралуу арызыңыздан кийин Тышкы иштер министрлиги элчилик ансыз деле жабылганы жаткан деген өңүттө билдирүү таратты. Тактап кетиңизчи, арыз жазууга эмне себеп болду?

Кылычбек Султанов: Мен Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таң калдым. Таарынган жаш баланын жоругундай болуп калыптыр. Чынын айтсам, Малайзиядагы элчиликтин жабылышы тууралуу кабардар болгон эмесмин, кагазды да көргөн жокмун. Мага эч кандай маалымат беришкен эмес. Эми мындан кийин да башка нерселерди ойлоп тапса таң калбайм. Бул Тышкы иштер министрлигине жарашпаган жорук.

Ал эми менин арыз жазуума эң эле жөнөкөй нерсе негиз болду. Мен кыргыз бийлигинин, президенттин ишеними менен элчилик милдетти аркалап жатам. Президент Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилге көтөрүп чыкты. Бул нерсе менин позицияма каршы экенине байланыштуу арыз жаздым. Мамлекет башчы менен пикирим туура келбей калган учурда кызматка жабышып, үн катпай отура берүүнү туура көргөн жокмун. Андыктан Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул эмесмин, мындан улам бул жерде иштөөгө моралдык укугум жок деп арыз жолдодум.

2010-жылы азыркы Баш мыйзам кабыл алынганда мен мекенимдин активдүү жараны катары бул Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөш керек деген терең ишенимде болгом жана азыр да ошол позициямды карманып келем. Ошол ишенимди ишке ашыруу үчүн болгон каражатым менен үгүт жүргүзүп, 2010-жылдын 27-июнунда азыркы Конституциянын кабыл алынышына өз салымымды коштум деп эсептейм. Азыр аны өзгөртүү сунушталып жатканда каршы экенимди айтайын дедим. Эгер президент туура түшүнүү менен кабыл алып, мага дагы ишеним көрсөтсө иштеп берүүгө даярмын. Бирок мен өз милдетимди, көз карашымды алдын ала айтып коюшум керек болду.

“Азаттык”: Кандай ойлойсуз, президент арызыңызды кабыл алабы?

Кылычбек Султанов: Менимче, Алмазбек Атамбаев мурдагы президенттерден баары бир айырмаланат. Мурдагы президенттердин кайсы бир кемчиликтерди моюнга албаган жактары бар болчу. Ал эми Атамбаевдин андай жагы жок деп билем. Муну кечээ Чубак ажы Жалиловду буга чейин терс пикирлерди айтса да кайра кабыл алганынан улам байкадым. Акыркы чечимди президент кабыл алат. Кандай тыянакка келери белгисиз.

“Азаттык”: Сиздин арызыңыз “Ата Мекен” партиясына мүчө болгонуңуз менен байланыштуу эмеспи?

Кылычбек Султанов: Дайыма ушинтип чаташтырып жүрүшөт. 2010-жылдагы шайлоо учурунда “Ата Мекен” партиясынын идеялары, багыты мага туура келгендиктен мен аны колдогом. Партиянын тизмесинде шайлоого катышкам. Бирок партияга мүчө эмесмин, бирок көп учурда тилектешмин.

“Азаттык”: Тышкы иштер министрлигин мүчүлүштүктөр боюнча сындап атасыз. Ал кандай алешемдиктер?

Кылычбек Султанов: Эгер президент кабыл алса жакшы болмок. Баарын айтып бермекмин. Буга чейин ага кат да жазгам. Бирок ал Атамбаевге жетпей калган окшойт.

“Азаттык”: Министрлик туура эмес иш жүргүзүп атабы?

Кылычбек Султанов: Тышкы иштер министрлиги тууралуу айта турган сөздөр көп. Негизинен бир катар мүчүлүштүктөр бар. Аны эфирден эмес, мамлекет башчынын өзүнө гана айтуу туура деп эсептейм. Коомчулукка ыңгайы келген кезде белгилүү болоор.

XS
SM
MD
LG