Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Разаков: Өзбекстандык милиционерлер чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалды


Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат деп билдирди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттыкка”:

"Өзбекстандык милиционер биздин аймакка чыкканда, Кыргызстандын “коргоо бөлүмүндө” иштеген милиция кызматкерлери кармашкан. Өзбекстандык милиционер куралдуу болгон. Азыр бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деди Разаков "Азаттыкка".

Разаковдун айтуусунда, “Орто-Токой” суу сактагычы кыргыз-өзбек чек арасында эмес, толугу менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Ошондуктан, өзбекстандык маалымат каражаттары жазган маалыматтар чындыкка коошпосун кошумчалады вице-премьер-министр. Анын айтуусунда, өзбекстандык милиционерлер суу сактагычтагы суу бөлүштүрүүчү жерди гана, калган бөлүгүн кыргызстандык милиционерлер кайтарат.

13-августта кыргызстандык милиционерлер Орто-Токой суу сактагычынын айланасында мыйзамсыз куралдуу жүргөн өзбек милиционерин кармашкан.

Спутник-Өзбекстан сайты "13-август күнү Кыргызстандын атайын даярдыктагы “Скорпион” деп аталган отряддын аскерлери Намангандагы "Дамба-5" бекетине барып, суу сактагычты кайтарып турган өзбек милиция кызматкерлерине тиш кайрап, аталган жер кыргыздарга тиешелүү экенин айтып, суу сактагычка кирүүгө аракет кылган, бир милиция кызматкери барымтага алынып, Кыргызстан тарапка киргизилип кеткен" деп жазган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG