Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:15

Кенжебек Жумабаевдин баш коргоо чарасы каралат


Kyrgyztimes сайтынын кабарчысы Кенжебек Жумабаев буга чейин Биринчи май райондук соту тарабынан эки айга эркинен ажыратылган. Адвокаттары сот чечимине нааразы болуп, Бишкек шаар сотуна кайрылышкан.

Кенжебек Жумабаев 30-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган болчу. Ал 2013-жылы Саруу окуясында ошол кездеги өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катышкан деп шектелүүдө.

Коомчулукка анча белгилүү эмес kyrgyztimes.kg сайты негизинен жаңылыктарды жарыялайт.

Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында 2013-жылы Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен митинг болгон. Ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаев митингчилер менен жолугушууга келгенде аны акция катышуучулары барымтага алып, бир нече саат унаа ичинде кармап турушкан. Катышуучулардын айрымдары митинг учурунда мыйзамсыз аракеттерге барган деп камалышкан. Жумабаев мурда бул иш боюнча күбө катары суралган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG