Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Үңкүр-Тоо көйгөйү митингде айтылды


Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү
Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү

Аксы районунда 27-августта Үңкүр-Тоодогу кырдаалга байланыштуу митинг өттү. Чогулган 150дөй тургун митингге катышкан бийлик өкүлдөрүнөн маселенин чечилиш жагдайларын сурашты. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы менен азырынча жыйынтык жок, абал өзгөрүүсүз кала берүүдө.

Үңкүр-Тоонун алдында жайгашкан Курулуш айылынын тургундарында телемунараны өзбек милиционерлери кайтара баштагандан бери тынчтык жок. Анткени айылдан анча алыс эмес орун алган аймакка элеттиктер мал-коюн ээн-эркин жайып, жайыт катары пайдаланып жүрүшчү. Айыл аксакалы Асанбек Карабатыров жагдайды бийлик эртерек чечип берсе дейт.

- Ушул тоону басып алышып, эч кимди чыгарбай жатышат. Ушул айылдын мал-койунун баары Үңкүр-Тоого жайылчу. Азыр өзүңөр көргөндөй, айылда багып жатышат. Бийликке элдин кереги жок окшойт, маселени эртерек чечиш керек. Болбосо тоонун астында жашаган Курулуш, Унгар-Ата, Устукан, Мамай айылынын тургундарына эле кыйын болуп жатат. Бул тоо биз үчүн ыйык жана илгертен эле биздин ата-бабалар жана биз колдонуп келе жатабыз. Өзбекстан тоону талашканга акысы жок.

27-августта Асанбек аксакал баштаган айыл тургундары Аксынын борборуна митингге чогулушту. Чогулгандардын баарынын талабы жана максаты бир. Үңкүр-Тоо айланасындагы жагдай кандай нукта чечилип жатат деген суроо. Район акими Медетбек Айдаралиев эл алдында сүйлөгөн сөзүндө буларга токтолду.

- Өзбекстан мурда колдонуп келген Кыргызстандагы объектилерин өлкөбүз кайра өзүнө ала баштады. Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычына быйыл жыл башынан бери пост орнотуп, аны да кайтаруу аракети болуп жатат. Ошол себептүү жаз айында өзбек тараптын аскер техникасы менен чыгышы жана ушул Үңкүр-Тоо жагдайларынын баары ошого барып такалат. Бүгүн биз ошол суу сактагычтагы өзүбүзгө тиешелүү мыйзамдуу жерди алышыбыз керек. Президенттин да позициясы ушундай азыр. Ал эми Үңкүр-Тоо илгертен бери, 1955-жылдагы картада көрсөтүлгөндөй, тарыхый пайдалануудагы биздин жер. Ошондуктан бул бизге тиешелүү жер, учурда мамлекеттин да, президенттин да позициясы ушундай.

Аксы жана Ала-Бука райондорунда учурда Өзбекстан менен такталбаган 20 участок бар. Талаштуу жагдайлар байма-бай ушул жерлерде жаралып келет. Үңкүр-Тоону мурдагы президент өзбек тарапка берип жибериптир, ага бир топ саясатчылардын тиешеси бар деген сөздөрдү акцияга катышкан саясатчы Азимбек Бекназаров четке какты. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери өзбек тарап менен чек ара маселеси чечиле элек дейт Бекназаров:

- Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасы күчүнө кире элек. Эч ким аны ратификация кылган эмес жана алар жумушчу протоколдор. Бакиев берип жибериптир деген маалыматтар да чындыкка жатпайт. Жогорку Кеңеш ратификация кылмайынча өз алдынча басып алууга эч бир мамлекеттин укугу жок. Бул эл аралык укук. ММКдан айтып жатат, буга Мадумаров, Бекназаров жана Жекшенкуловдор күнөөлүү деп. Бирок экөөнөн тең сурадым, андай документ болгон эмес дейт. Мага да жабыштырып жатышат, карап койсо болмок деп. Ал кезде мен 2005-жылы аз гана убакыт башкы прокурор болуп иштегем. Бийлик мындай саясат кылганды токтотушу керек. Мындай учурда саясатты токтотуп, баарыбыз биригели. Кечээ Конституцияны талкуулоо жыйынында айттым. Ушундай кырдалда талкуулоонун не зарылчылыгы бар. ЖК кезексиз жыйын чакырып, оор абалдагы чек ара маселесин талкуулаш керек болчу.

22-августта кармалып кеткен Кербен-24 радиорелейлик станциясынын төрт кызматкери учурда Өзбекстандын Янгикоргон милициясында кармалууда. Коңшу тарап алардын абалына тынчсызданууга негиз жок экенин билдирип келет. Акцияда сүйлөгөн сөзүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул багытта "адам уурдоо фактысы" боюнча кылмыш иши козголуп тергөө жүргүзүлүп жатканын билдирди.

- Учурда милиция облуста жана райондо күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Аны менен катар элдик кошуун өкүлдөрү да жардам берип жатат. Ал эми телемунара кызматкерлеринин алынып кетиши боюнча адам уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козгогон. Булардын баары дипломатиялык жол менен чечилет.

Бир саатка созулган митинг учурунда катышуучулар тарабынан эч бир талап айтылган жок. Чогулгандар бийлик тарабынан чечкиндүү чара көрүлүп, тез арада чечилерине үмүт артышты.

22-августта Өзбекстандын милициясы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага тик учак менен келип, ал жерде иштеген төрт кызматкерди өздөрү тарапка алып кирип кетип калышкан. Учурда станцияны өзбек чек арачылары кайтарууга алууда.

Үңкүр-Тоо маселеси митингде айтылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

XS
SM
MD
LG