Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Үңкүр-Тоо: телемунара телмирип турат...


Үңкүр-Тоо
Үңкүр-Тоо

22-августтан бери жумушчусу жок өз алдынча иштеп жаткан тоо башындагы станция токтоп калуу коркунучунда турат. Азыр ал жерди сыртынан өзбек милиционерлери кайтарууга алууда.

Өзбекстандын райондук ички иштер бөлүмүндө кармалып турган “Кербен -24” радиорелейлик станциянын төрт жумушчусун тез арада бошотуп берүү талабы менен алардын жакындары облустук бийликке кайрылды.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан малымдашкандай, телемунаранын төрт кызматкери Өзбекстандын РИИБсинде эки күндөн бери кармалып турат.

22-августта өзбек аскерлери Үңкүр-Тоого тик учак менен конуп, ал жердеги станцияда иштеген кызматкерлерди кармап кетишкен. Өзбек тарап радиорелейлик станциянын кызматкерлери процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн кармалганын, алар боюнча чочулоого негиз жоктугун билдиришкен. Коңшу өлкөдө кармалган Жеңиш Ташматовдун агасы Оморжан Ташматов буларды айтты:

- Иним Жеңиш Ташматов үй-бүлөдө эң кичүүбүз. Ал Кыргызтелеком ишканасына караштуу РРС-24 ишканасында иштейт. Тоо башындагы мунарада 45 күн иштеп, ошончо күн эс алат. Ал жакка жумушка кеткенине бир айдай болгон. 23-августта саат экилер чамасында эл аралык чалуу келип, алардын Өзбекстанда кармалып жатканы тууралуу бейтааныш бирөө маалымат берди. Телефонун өчүрүп, башка эч нерсе айткан жок, биз кайра ал номерге чала албай койдук.

Алар кармалгандарга күнөө коюп 10 жылга чейин камаласыңар деп коркутуп жатышканын билдиришти. Кызматкерлерге беш пунт менен айып коюптур.
Ажибай Урустемов

Кармалгандарды бошотууга жардам сурап, Аксы районунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиевага кайрылышты. Облус башчысы өз кезегинде бул багытта мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп, жашоочуларды сабырдуулукка чакырды.

Кербен-24 радиорелейлик станциясынын кампа башчысы Ажибай Урустемов жагдай башкача экенин айтууда. Жетекчи кызматкерлери менен 23-август күндүзү кол телефон аркылуу сүйлөшүп, аларды өзбек тарап чек араны бузгандыгы үчүн алып киргендигин билдирген.

- Бизди Өзбекстандын Завкоргон райондук ички иштер бөлүмүнө алып келип камап койду. Тез арада жактоочу менен келиңиз - деп бир кызматкерим мага телефон аркылуу чалды. Алар кармалгандарга күнөө коюп 10 жылга чейин камаласыңар деп коркутуп жатышканын билдиришти. Кызматкерлерге беш пунт менен айып коюптур. "Биринчиси - чек араны, экинчиси - паспорт режимин бузуу" деп айтып жатканда эле телефонун өчүрүп салышты. Ошол бойдон эч кандай байланыш болгон жок. Бул окуядан соң мен дароо райондук УКМКга жана Чек ара кызматына билдирүү бердим.

Станцияда эч ким жок, кароосуз калгандыктан дагы канча убакыт иштөөсүнө кепилдик жок. Эгер кокустан үзгүлтүккө учураса, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна ТВ берүүлөр жана байланыш токтоп калат.
Ажибай Урустемов

Телемунаранын кызматкерлери кармалып кеткенден бери Кербен-24 станциясы өз алдынча иштеп жатат. Болгону сыртынан өзбек тараптын милициясы кайтарууга алууда. Ал жерге кызматкерлер тургай кыргыз аскерлери да бара элек. "Жагдай ушул калыпта улана берсе үч райондун элин интернет жана байланыш менен камсыздаган станция өз ишин токтотушу мүмкүн", - дейт Урустемов.

- Азыр станция өз алдынча иштеп жатат. Бирок НТС телеканалы жана “Миң Кыял” радиосунун эфирдик толкундары өчүп калды. Станцияда эч ким жок, кароосуз калгандыктан дагы канча убакыт иштөөсүнө кепилдик жок. Эгер кокустан үзгүлтүккө учураса, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна ТВ берүүлөр жана байланыш токтоп калат. Балким азыр токтоп калышы мүмкүн же эки-үч күн иштейттир. Бирок маселе тезинен чечилбесе, кырдаал оор болуп турат. Биз тургай биздин аскерлер да ал жакка чыга албай жатышат.

Азыркы учурда жагдай боюнча өкмөттүн чек араларды делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искендеров баштаган бийлик өкүлдөрү Өзбекстандын Касансай району менен чектештен Ала-Бука чегинде эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бирок маселе кандай нукта чечилери белгисиз. Мурда белгилүү болгондой өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы өткөрмө постту алып салууну талап кылууда.

Аксынын Үңкүр-Тоосундагы “Кербен -24” радиорелейлик станциясында санариптик 11, аналогдук алты телеканалдын жана үч уюлдук байланыш операторлорунун эфир таратуучу мунаралары жайгашкан.

Үңкүр-Тоо аймагында азыр абал тынч, тараптар сүйлөшүүлөрдү улантууда. Буга чейин 13-августта кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган Өзбекстандын милиция кызматкери 22-августта Ала-Бука райондук соту тарабынан айыппул салуу менен бошотулуп, өзбек тарапка өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG