Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Клинтон киберчабуул үчүн Орусияны айыптады


Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

АКШнын президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон өлкөдөгү шайлоо өнөктүгүнө Орусия кийлигишип жатышы ыктымал деген кооптонуусун билдирди.

Клинтон Кошмо Штаттардын Федералдык чалгын кызматынын киберчабуулдар тууралуу докладына таянып, “тышкы күчтөрдүн мындай кийлигишүүсү мурда болуп көрбөгөн окуя” деди.

Орусия болсо киберчабуулдар тууралуу айыптоонун баарын негизсиз деп атоодо.

5-сентябрда шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Хиллари Клинтон Орусия АКШнын Демократиялык партиясынын жана жалпы өлкөнүн шайлоо системасына киберчабуул жасоо аркылуу кийлигишип жатышы ыктымал деген оюн айтты.

«Биздин чалгынчы адистер бул маселени иликтөөгө мажбур болушунун өзү эле өтө олуттуу жагдай. Ошондуктан, албетте, Орусия чынында эле биздеги шайлоо жараянына кийлигишип жатабы деген суроо пайда болбой койбойт» деди Клинтон.

Мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон бул кыңыр иш өзүнүн атаандашы, президенттикке Республикачылар партиясынан талапкер Доналд Трамптын колдоосу болбосо ишке ашпайт эле деп күмөн саноодо. Андыктан “диктаторлорду өзгөчө колдогон Трамп, балким, Орусия менен кызматташып, керек болсо АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигише башташына шыкакчы болууда” деп эсептерин айтты:

- Трамп Путиндин саясаты боюнча тилектештигин өтө эрте жарыялап жиберген эле. Мен анын «АКШ НАТОнун курамынан чыгат» деген билдирүүсүн айтып жатам. Анын үстүнө Трамп орус президентин мактаганын койбоду. Путин сыяктуу диктаторлорго анын өзгөчө бир кызыгуусу бар окшойт.

Ошону менен катар Клинтон «президенттикке негизги талапкерлердин бири орустарды хакерликке ачык үндөгөнү АКШнын тарыхында болуп көргөн эмес» деп Трамптын быйыл июль айындагы билдирүүсүн эскертти.

27-июлда Демократиялык партиянын компьютердик базасына хакердик чабуул жасалганда Трамп Майамиде сүйлөп жатып «Орусия, эгер угуп жатсаң, жоголгон 30 миң катты сен таба аласың, ишенем» деп айткан жайы бар эле. Бирок кийин ал бул сөзүн «Клинтон мамлекеттик катчы болуп турган кезде жеке сервери аркылуу жазышкан каттарын өчүрүп таштаган» деген кеп тараганда айткан тамаша болчу деп жооп берген.

АКШ киберчабуул коркунучуна туш болгонун өлкө президенти да айтууда. Кытайда «Чоң жыйырма» тобунун кезектеги саммитинде пресс-конференцияда сүйлөп жатып Барак Обама:

- Биз жалпы киберкоопсуздук тууралуу айтып жаткан жокпуз. Мен конкреттүү бир иликтөөгө комментарий бербей эле коеюн, бирок, айтып коюшум керек, Орусиядан да, башка өлкөлөрдөн да бизге карата мындай коркунуч жаралган учурлар болду, - деди.

30-августта АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу кеминде эки жерде шайлоочулардын онлайн системасы хакерлердин чабуулуна кабылганын жарыялаган. Мекеме Иллинойс жана Аризонада шайлоочуларды каттоого алган системанын ишине тыштан кийлигишүү болгонун, ошондуктан компьютерлердин коопсуздугуна өтө сак болуу керектигин эскерткен.

Ал арада Орусия АКШнын Демократиялык партиясынын электрондук почтасына жасалган хакердик чабуулдарга эч тиешеси жок экенин айтууда. Бул тууралуу 2-сентябрда орус президенти Владимир Путин билдирди.

"Орусия мындайга эч качан барбайт" деди Путин. Анын белгилешинче, минтип айтууга негиз жок, себеби «азыркы технологиянын күчү менен да чабуул каяктан жасалганын так аныктап алуу дээрлик мүмкүн эмес».

- Мен бул тууралуу эч нерсе билбейм. Билесиңерби, азыр канча деген көп хакерлер бар. Алар ушунчалык кылдат иштешет. Артынан из калтырбайт, - деди Путин.

30-августта АКШнын Федералдык иликтөө бюросуна "Орусия АКШдагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракет жасап жатат" деген кооптонуунун чын-төгүнүн изилдеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Сенаттагы демократтардын лидери Гарри Рид ФБРге жөнөткөн катта "кансыз согуштан" бери алгачкы жолу АКШдагы демократияга олуттуу коркунуч жаралып жатканы айтылган.

Мамлекеттик базада шайлоочулардын аты-жөнү, жашаган жери жана башка жеке маалымат сакталат.

Июль айында Иллинойс штатындагы базадан 200 миң шайлоочу тууралуу маалымат уурдалганда система 10 күндөй иштебей турган.

Президенттик шайлоо АКШда быйыл күзүндө өтөт.

XS
SM
MD
LG