Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

ГЭС жанынан бейтааныш "коноктор" кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бейтааныш эки адам Нарын дарыясында жайгашкан Күрпсай ГЭСинин аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет жасаганы үчүн кармалды.

Териштирүү учурунда аталган эки адам Тажикстандын жарандары болуп чыкты. Бул өзгөчө кайтаруудагы режимдик объектти караган Улуттук гвардиянын жоокерлери кармалган эки тажик жаранын милицияга өткөрүп берип, андан ары алар коопсуздук органдарына тапшырылды.

ГЭСтин коопсуздугу аймак үчүн маанилүү

Жалал-Абад облусуна караштуу Каракөл шаарына жакын жайгашкан Күрпсай ГЭСинин аймагына 1-сентябрь күнү бөтөн эки адам жашыруун жолдор менен кирүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу билдирген Улуттук гвардиянын маалымат кызматы бейтааныш “коноктор” тосмону ашып түшүүгө аракет жасаган кезде күзөттөгү жоокерлер тарабынан кармалганын жарыялады.

Улуттук гвардиянын маалымат кызматынын жетекчиси Толкунбек Раимжановдун айтымында, кармалган эки адам Тажикстандын жарандары болуп чыкты:

- Биздин жоокерлер аларды кармап, кийим-кечесин тинткен учурда жанынан Тажикстандын паспорту чыкты. Мына ошондон кийинки териштирүүлөр үчүн биз аларды ички иштер органдарына өткөрүп бердик. Алар мыйзамды бузуп, режимдик объектке келгени үчүн кармалышты.

Нарын дарыясында жайгашкан Токтогул каскадына караган Күрпсай ГЭСин Кыргызстандын Улуттук гвардиясы күзөтөт. Мурда бул аскер бөлүгү Ички иштер министрлигинин ички аскерлигине карачу. Кийин эки аскер бөлүгү биригип, Улуттук гвардия деп аталып калган.

ГЭСтин аймагына кирүүгө аракет жасаган эки тажик жаранын кармаган гвардиянын жоокерлери сыйлыкка көрсөтүлгөнү кабарланды. Кармалган эки тажик жараны Каракөл шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

"Жолдон адашып, ГЭСке кирип кеттик"

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев бул ишти андан ары иликтөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кароосуна жиберилгенин айтты:

- Сурак учурунда кармалган тажик жарандары "Орусиядан Кыргызстан аркылуу үйүнө кайтып баратып, жолдон адашып, ГЭСтин аймагына кирип кеттик" деп түшүндүрмө беришкен. Бирок чынында эле ошондой болгонбу же жокпу ал жагы кийин териштирилет. Мындан аркы териштирүүлөр үчүн жана ишти кароо УКМКга өткөрүлүп берилип, кармалган эки адам ал жакка тапшырылды. Эми алардын иш-аракеттери ошол жактан текшерилип туруп, ошого жараша чечим кабыл алынат.

Буга чейин Кыргызстандын тарыхында Нарын дарыясында жайгашкан ГЭСтерге белгисиз адамдар тарабынан коркунуч келтирилген окуя катталган эмес. Токтогул суу сактагычы жана уйкаш аталыштагы каскадга караган ГЭСтердин бардыгы стратегиялык маанидеги объекттердин тизмесине киргизилген. Буга байланыштуу мыйзамга ылайык бул объекттер өзгөчө кайтарууга алынган.

Улуттук коопсуздук боюнча эксперт Талант Разаков ГЭСтердин коопсуздугу бир эле Кыргызстан үчүн эмес, бүтүндөй аймак үчүн маанилүү экенин белгиледи:

- ГЭСтерде жана суу сактагычта өтө чоң көлөмдө суу бар. Бир нерсе болсо анын кесепеттери өтө оор болушу мүмкүн. Ошол үчүн башынан эле ГЭСтердин коопсуздугуна чоң көңүл бурулуп келген. Анткени бир нерсе болсо суунун ылдыйкы зонасында жайгашкан жерлерге бул бир эле Кыргызстан үчүн эмес, жалпы Фергана өрөөнү үчүн оор болот. Азыркыдай абалда ГЭСтерди заманбап кайтарууну дагы күчөтүү зарыл. Себеби азыр террордук коркунучту жокко чыгарууга болбойт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармалган тажик жарандарынын тек-жайы такталып, алардын режимдик кайтаруудагы аймакка кирүүгө жасаган аракетинин себептери иликтенип жатканын белгилөө менен гана чектелди.

Тажикстандын Кыргызстандагы элчилиги болсо бул жагдайга карата расмий комментарий бере элек. “Азаттык” элчиликтин кызматкерлери менен байланышканда алар кармалган эки тажик жараны туурасында расмий маалымат түшө электигин белгилешти.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG