Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Кыргызстан менен Тажикстандын электр энергиясын Түштүк Азияга экспорттоо боюнча CASA-1000 программасын каржылоону Дүйнөлүк банк жакында бекитет.

Бирок бул долбоорду ишке ашырууга Өзбекстан каршы чыгып, дагы бир жолу тынчсыздануусун билдирди. Кыргызстандын энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бул долбоордун коңшу өлкөлөргө зыяны жок экенин белгилеп, каржылоо маселеси бекисе, быйылкы жылдын экинчи жарымынан тарта курулуш башталарын билдирди.

Ташкен кайра чуу көтөрдү

Жакында Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен CASA-1000 программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизги бөлүгү жыйынтыкталды. Ага ылайык, Кыргызстан - Тажикстан - Ооганстан жана Пакистан багытында узундугу миң чакырымдан ашуун электр энергиясын берүү линиясынын курулушу быйылкы жылдын экинчи жарымында башталмакчы. Каржылоо милдетин Дүйнөлүк банк өзүнө алган бул долбоордун баасы 1 миллард 170 миллион АКШ долларын түзөт. Өзбекстан муну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жана коопсуздук маселелери боюнча анын жүйөөсүн эске алууну талап кылууда. Кыргызстандын мурдагы энергетика министри Бакирдин Сартказиев расмий Ташкендин бул долбоорго эмнеге каршы чыгышынын себептерине токтолду:

- Бул долбоор Өзбекстандын стратегиялык пландарына анчейин жага бербейт. Анткени Кыргызстан менен Тажикстан өндүргөн электр энергиясын сатып өткөрүү рыногуна ээ болот. Бул курулуш бүтүп кетсе, электр энергиясын мындан бир кыйла эсе көп иштеп чыгууга туура келет. Ошондуктан Ташкен бизди дарыялардын башына ГЭС кура баштайт деп бушайман.

Өзбекстан CASA-1000 долбоору эл аралык укуктук ченемдерге каршы келет деген жүйөнү карманууда. “Анткени мындай көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгуу жана экспорттоо үчүн тиешелүү шарттар долбоордо ачык-айкын жазылган эмес” деп көрсөтүлгөн Өзбекстандын Экономика министрлигинин расмий сайтында. Бирок Кыргызстандын энергетика министри Осмонбек Артыкбаев долбоор коңшу өлкөлөрдүн кызыкчылыгына каршы келбей турганын белгиледи:

Долбоор 15 жылда өзүн өзү актап, ишке кирген күндөн тарта Кыргызстанга ири пайда алып келе баштайт. Макулдашуу боюнча долбоор 2017-жылы ишке кирет.
- Бул долбоор эч кимге эч кандай тоскоолдук алып келбейт. Жакында Вашингтондо бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп, тиешелүү чечим кабыл алынды. Ошол жерде каржылоо маселеси талкууланып, келе жаткан 27-мартта Дүйнөлүк банк маселени директорлор кеңешинин бекитүүсүнө алып чыга турганы белгилүү болду. Учурда экспорттоло турган электр энергиясынын баасы боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Долбоор 15 жылда өзүн өзү актап, ишке кирген күндөн тарта Кыргызстанга ири пайда алып келе баштайт. Макулдашуу боюнча долбоор 2017-жылы ишке кирет. Курулуш иштеринин башталышы 2014-жылдын экинчи жарымына туура келет.

Долбоордун келечеги кандай?

CASA-1000 программасынын башында Кыргызстан менен Тажикстан биригип Ооганстанга жана Пакистанга 700 MВт электр энергиясын экспорттойт. Болочокто бул программага Индия жана Түштүк Азиянын башка өлкөлөрү кошулушу мүмкүн. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү 1500 МВтка чейин жогорулашы мүмкүн. Энергетика боюнча эксперт Бакирдин Сартказиев Түштүк Азия багытына электр энергиясын экспорттоонун келечектүүлүгүн белгиледи:

- Негизи Ооганстан, Пакистан жана Индия багыты электр энергиясын экспорттоодо Кыргызстан үчүн келечектүү. Анткени учурда бизден энергия сатып алып жаткан Казакстандын потенциалы бир топ жогорулады. Ошондуктан келечекте ал бизден электр энергиясын сатып албайт. Кытай деле бизден энергия сатып алууга анча кызыкдар эмес. Ошондуктан Кыргызстан Тажикстан менен биргеликте бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдар болууга тийиш.

Өзбекстан долбоорго каршы экенин айтып, ага чоң дарыялардын төмөн жагында жайгашкан Түркмөнстан менен Казакстан да тилектеш экенин билдирген. Анткени бул мамлекеттердин жетекчилери Сыр жана Аму дарыяларында кошумча ГЭСтер курулса, ылдыйкы зонада келечекте суунун тартыштыгы болот деп кооптонууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG