Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Вашингтондо кол коюлган келишимге ылайык, Кыргызстан жана Тажикстан Пакистан менен Ооганстанды CASA -1000 долбоорунун алгачкы этабында жылына 700 МВТ электр кубаты менен камсыз кылууга милдеттенме алды.

CASA-1000 долбоору (Central Asia-South Asia) боюнча келишимге Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистандын өкмөт аралык кеңеши же энергетика министрлери Вашингтондо 19-февралда кол койду.

Тажикстандын мамлекеттик “Барки Точик” компаниясынын мурдагы президенти, долбоор менен жакындан тааныш адис Бахром Сироджев “Азаттык” менен маегинде Вашингтондо жетишилген макулдашууну чечмелеп:

- Бул башталышы гана. Силер билгендей, долбоор САSA-1000 деп аталат. Демилгечилер башында бул 1000 мегаватт кубаттуулукта болот деп болжогон. Бирок канадалык эксперттер техникалык-экономикалык негиздемени даярдаганда, кубаттуулукту 1300 мегаваттка көтөрсө болорун далилдеген. Ал долбоор боюнча Пакистан менен Ооганстанга жылына 5 миллиард киловатт саат электр кубатын экспорттоо мерчемделген. Анын үч миллиарды Тажикстандан, эки миллиарды Кыргызстандан алынышы керек. Бул кубаттуулугу 1300 мегаватты камтыган шартта. Келишим 700 мегаватт менен коюлган болсо, бул жарым-жартылай чечим, жылына 5 миллиард эмес, болжол менен 2,5 миллиард киловатт саат берилген болот. Бул Тажикстан менен Кыргызстандын электр кубаты өзүнөн ашып калган гана учур үчүн.

Бахром Сироджев САSA-1000 долбоору суу сактагычка топтолгон ресурсту жайкысын натыйжалуу колдонуу жагынан Кыргызстан үчүн да, Тажикстан үчүн да пайдалуу экенин кошумчалады:

- Биз жайында сууну турбинадан өткөрбөй эле коё беребиз да. Биз да, кыргыздар да сууну электр кубатын чыгарбастан эле коё беребиз. Долбоор боюнча бул электр линиясы үчтөн беш айга чейинки, июндан октябрдын башына чейинки мөөнөт аралыгында бизден ашып калган электр энергиясын алып кетет. Долбоордун толук кубаттуулукта ишке ашуусун биз дагы, кыргыздар да кубатташыбыз абзел. Келишимге азырынча 700 мегаватт деп жазылганынын башка да жүйөөсү бар. Ал электр кубатын алуусу үчүн Пакистан менен Ооганстандагы керектөөчүлөрдү да даярдоо талап кылынат. Дароо эле 1300 мегаватты жөнөтүү мүмкүн эмес. Бул көлөм бир жылда эмес, акырындык менен толтурулушу керек. Кыргызстан менен Тажикстандын болсо буга потенциалы бар.

САSA-1000 долбооруна катышуу үчүн Кыргызстан өз аймагында Жалал-Абаддагы "Датка" подстанциясынан Тажикстандын Согди облусундагы подстанцияга чейин жогорку чыңалуудагы 500 киловаттык жаңы электр линиясын курушу керек. Долбоордо ал түйүндүн узундугу 477 чакырым деп көргөзүлгөн. Аны куруу үчүн өкмөткө Дүйнөлүк банктан же башка эл аралык каржы уюмдардан насыя алууга туура келет.

CASA-1000 долбооруна: "Даткадан" (Kыргызстан) Кожентке (Тажикстан) чейин 500 киловаттык линия, 477 чакырым; Саңтуда (Тажикстан) ГЭСинде 1300 мегават станция куруу; Саңтудадан Кабулга (Ооганстан) чейин, андан ары Пешавар (Пакистан) - 750 чакырым линия; Кабулда 300 мегаваттык станция (импорт жана экспорт мүмкүнчүлүгү менен); Пешаварда 1300 мегаваттык станция куруу кирет.

Кыргызстандын энергетика министри Осмонбек Артыкбаев “Азаттыктын” кабарчысына Вашингтондон берген интервьюсунда ал курулуштун болжолдуу наркын 200-230 миллион доллар деп атады.

Өзү CASA-1000 долбоору ишке ашуу үчүн курууну талап кылган электр линиясынын узундугу 1200 чакырымдан ашуун болот. Анын 470 чакырымы Кыргызстан аймагында, 120дайы Тажикстанда, 560 чакырымы Ооганстанда, 70 чакырым Пакистан аймагына орнотулат. Долбоордун жалпы наркы 1 миллиард доллардан ашуунга бааланууда. Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, анын алгачкы этабын 2018-жылдан тарта ишке киргизүү мерчемделүүдө.


Бирок CASA-1000 долбоорунда электр энергиясын сатуучу да, алуучу да өлкөлөр баа маселесин азырынча макулдаша элек.

Техника илимдеринин доктору, “Улуттук электр станциялар” компаниясынын мурдагы башчысы Бакирдин Сартказиев “Азаттык” менен маегинде баа боюнча сүйлөшүү бир киловатт саатына үч центтен же азыркы курс боюнча бир жарым сомдон башталганын эске салып, Кыргызстан үчүн CASA-1000 долбоорундагы тобокелчиликтерди атады:

- Биз үчүн биринчи тобокелчилик баа маселеси. Менин оюмча, электр энергиясынын бир киловатты 7-8 цент болгондо гана өзүн-өзү актай алат. Бул Ооганстан менен Пакистандын чек арасына баргандагы баа. Экинчиси - Тажикстан менен болгон мамилебиз. Анткени долбоордогу негизги экспорттоочу Тажикстан да. Бир убактарда Тажикстан тараптан Пакистандын муктаждыгын биз эле жаап коёбуз деп айтылган сөздөрдү уккам. Эгер Рогун ГЭСи курулуп кетсе, САSA-1000 долбоорунда биз үчүн Тажикстандын тобокелчилиги эки эсе күчөйт. Тажикстан эгер муктаждыкты толук жаап калса, биздин линиядан электр кубатын албай да коюшу мүмкүн. Андыктан келишимде так жана даана жазылышы биз үчүн абдан маанилүү. Бизден милдеттүү түрдө сатып алынуучу көлөм келишимде сөзсүз көргөзүлүшү абзел.

Бакирдин Сартказиев “Азаттык” менен маегинде кезинде Пакистан өкмөтү Кыргызстандан жылына 17 миллиард киловатт саатка чейин электр кубатын сураганын эске салып, долбоорду каржылоого Дүйнөлүк банк өңдүү эл аралык каржы мекемелеринин катышуусу анын ишенимдүүлүгүн чыңдаарын кошумчалады.

Адистердин пикиринде, CASA-1000 долбоору ишке киргенден кийин деле анын ийгилик табаар-таппасы ириде Пакистан менен Ооганстандын аларман, Тажикстан менен Кыргызстандын сатарман катары өз милдеттенмелерин аткара алышынан көз каранды. Ошондой эле долбоор Кыргызстан менен Тажикстандан кызматташтыкты, бирдей энергетикалык саясатты талап кылат.

Пакистандын “Business Recorder” басылмасынын жазганына караганда, CASA-1000 долбоорунун болочогу Вашингтондо жетишилген макулдашууга карабай булаңгыр бойдон калууда. Басылма белгилегендей, эң башкы көйгөйлөрдүн бири электр түйүнүнүн Ооганстандагы бөлүгүнүн коопсуздугун камсыздоо маселеси. Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы CASA-1000ге катышуудан баш тарткандан кийин анын ордуна кетчү чыгымдын 40%ын көтөрүүчү каржы институту азырынча табыла элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG