Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:48

Камбар-Атага Казакстан да кызыгууда


Казакстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна кызыкдар экенин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Өзбекстан болсо Камбар Ата-1 ГЭСинин курулушуна каршы экенин БУУнун башкы ассамблеясында дагы бир ирет кайталады. Кыргыз өкмөтү өткөн жылы үлүшүн 50/50 кылып, Камбар Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Орусия менен келишим түзгөн.

30-сентябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев журналисттерге буларды айтты:

- Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимди мен абдан туура чечим деп баалайм. Биз бул долбоорго үчүнчү тараптар да кошулса болоорун ачык билдирип келатабыз. Казак тарап ГЭСтин курулушуна катышууга даяр болгондугун билдирди. Биз бул чечимди абдан оң баалап жатабыз.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Орусия менен теңме-тең ээлик кылган келишимге кол коюп, биргелешкен “Камбар Ата-1” ишканасын түзүшкөн. Бирок тараптардын өз үлүштөрүнө башка тараптарды кошуп алуу укугу бар. Жантөрө Сатыбалдиевдин айтышынча, Кыргызстан өзүнүн 50 пайызын эч ким менен бөлүшпөйт. Ал Орусиянын үлүшүндөгү 50 пайызга башка мамлекеттер катыша аларын кошумчалады.

Өзбекстан Кыргызстандын Камбар-Ата-1 жана Тажикстандын Рогун ГЭСтеринин курулушуна каршы экендигин ачык билдирип жүрсө, Казакстан айрым учурларда Өзбекстанды колдогону менен орточул позицияны карманып келген.

Экономист Жумакадыр Акенеев долбоорго катышууга Казакстан саясий эмес, алды менен экономикалык максатта кызыкдар деген ойдо:

- Бул жерде жалаң гана саясий эмес, экономикалык да кызыкчылык бар. Биз Казакстанга азыр деле электр энергиясын сатабыз. Акыркы 20 жылда Казакстан өнөр жайы абдан өстү, айрыкча түштүк облустарында. Энергияга муктаждык бар. Булар курулушка катышса, өздөрү тиешелүү электр энергияны алууга мүмкүнчүлүк алат.

Ал эми Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулализ Камилов сентябрда Нью-Йорктогу Бириккен улуттар уюмунун 68-сессиясында сөз сүйлөп, Өзбекстан аталган ГЭСтердин курулушуна каршы экендигин дагы кайталады. Анын айтымында, Борбор Азиядагы чек араларды аралап аккан Амударыя менен Сырдарыя карт тарыхтан бери аймактагы элдердин жалпы ырыскысы болуп келген.

- Эл аралык талаптарга ылайык, сууну колдонуудагы приоритеттерди баса белгилеп кетүү зарыл. Борбор Азиянын чектелген суу ресурстары адегенде ичүү жана санитардык муктаждыктарды канааттандыруу, андан кийин гана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, экологиялык муктаждыктар, өнөр жай жана энергия секторунун муктаждыктары үчүн пайдаланылышы керек.

Бирок БУУда сүйлөгөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев суу-энергетикалык байлыктарды колдонуу аймактагы социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүнүн башаты болот деп эсептейт.

- Бул көптөгөн азыркы жана болочоктогу көйгөйлөрдү ар тараптуу чечүүгө жардам берет деген бекем ишенимдебиз. Ири суу-энергетикалык ГЭСтерди куруу таза өнүгүүнүн бир жолу катары каралышы керек деп ойлойбуз.

Ошондой эле Абдылдаев ГЭСтерди куруу Кыргызстандын өз укугу экендигин да баса белгилеген. “Камбар-Ата-1” жабык акционердик коомунун президенти Таалайбек Акуновдун айтымында, учурда канадалык компания ГЭС курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин бүтүрүү алдында турат.

Эксперттер арасында Орусия келишимге кол койгону менен Камбар-Ата-1 долбоорун ишке ашырууга кызыкдар эмес деген да пикирлер арбын. Бирок Таалайбек Акунов Орусия ГЭСтин курулушун аягына чыгарат деген ишенимде.

XS
SM
MD
LG