Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:20

Орусия WADAга сокку урдубу?


WADAнын Монтреаль шаарындагы баш кеңсеси. 9-ноябрь, 2016-жыл.
WADAнын Монтреаль шаарындагы баш кеңсеси. 9-ноябрь, 2016-жыл.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик - WADAнын компьютердик серверлеринен уурдалган документтердин экинчи топтому жарыяланды. Бул эл аралык уюм хакердик чабуулдун изин Орусия менен байланыштырууда.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик интернетте хакерлер жарыялап жиберген документтердин кезектеги топтомунун нукуралуулугун ырастады.

Эл аралык абройлуу мелдештерге чыккан спортчулардын тазалыгын текшерүү менен алектеген бул уюмдун маалыматтык базасынан уурдалган документтерде быйылкы Рио-де-Жанейро олимпиадасына катышкан спортчулардын арасынан анализдеринен тыюу салынган зат чыккандардын ысымдары камтылган.

Тагыраак айтканда, кээ бир спортчуларга ошол тыюу салынган дары-дармектерди медициналык жүйөдөн улам колдонууга WADA өзү уруксат берген же болбосо тиешелүү спорттук федерациялар аркылуу күн мурунтан кабардар болгон.

Миша Алоян
Миша Алоян

Хакерлер Интернетке чыгарган соңку документтерде 25 спортчунун ысымы аталат, алардын 14ү Рио олимпиадасында медал алгандар.

Арасында орусиялык мушкер, Рио Олимпиадасында күмүш медал уткан Миша Алоян да бар.

Соңку тизмеде андан башка америкалык он, британиялык беш, германиялык беш, Дания, Польша, Чехия, Румыниядан бирден спортчунун ысымдары чыкты.

Cимона Байлз
Cимона Байлз

WADAнын компьютер серверлеринен уурдалган документтердин 13-сентябрда жарыяланган алгачкы топтомунда хакерлер Риодо төрт алтын медал уткан гимнаст Симона Байлз баш болгон төрт америкалык спортчунун медициналык анализдеринин көчүрмөлөрүн шардана кылган эле.

Буга байланыштуу АКШнын антидопинг мекемеси ал спортчулар тыюу салынган дарыларды медициналык гана максатта WADA менен макулдашып колдонгонун билдирген.

WADAнын компьютердик түйүндөрүнө өзүн Fancy Bear деп атаган хакерлик топ кол салды жана алар бул жоругун жашырган жок.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик болсо ал топту түздөн түз Орусияга байланыштырууда жана өз билдирүүсүндө муну допингге каршы дүйнөлүк системага болгон ишенимге доо кетирүү аракети катары мүнөздөдү.

Хакерлердин чабуулун кылмыш деп атаган WADAнын башчысы Оливер Нигглинин айтымында, алар компьютердик серверлерди бузуу – WADAнын орус спортчулары допинг колдонгону боюнча иликтөөсүнө жооп экенинен күмөн санабай турат.

Эске салсак, WADA быйыл 18-июлда, Рио Олимпиадасынын алдында Орусияда спортто допинг пайдалануунун мамлекет колдогон системасы бардыгын шардана кылган болчу:

- Бул долбоорду ФСБ өз көзөмөлүнө алган. Алар Сочи олимпиадасы үчүн колдонулган бөтөлкөлөрдүн капкагын жашыруун алып салуу боюнча ыкманы иштеп чыгышкан. Натыйжада, Сочи олимпиадасында орус атлетчилеринин допинг тесттери оң жыйынтык берген эмес. Азыркы учурда менин командамдын соттук-экспертизалык далилдери Сочиде мына ушул ыплас ыкма колдонулганын эч шексиз көргөзүүдө. Буга ФСБ катышкан. Алар жашыруун уюм болгондуктан бул манипуляцияны эч бир күбө көргөн эмес, - деп жарыялаган эле Торонтодогу пресс-конференцияда WADA түзгөн комиссиянын мүчөсү Ричард Макларен.

Окуялардын мындай өнүгүшүнө Кремл да реакция жасап, президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "WADAга жасалган хакердик чабуулга орус бийлигинин кандайдыр бир катышы болушу мүмкүн эмес" деп ырастады.

Допинг жаңжалынан улам быйыл ондогон орусиялык спортчулар Риодогу Олимп оюндарына кое берилген эмес, өлкөнүн Паралимпиадалык командасы толугу менен четтетилген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG