Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Допинг жаңжалы тереңдей баштады


Москвадагы допингге каршы лабораториянын кызматкерлери

Москвадагы допингге каршы лабораториянын кызматкерлери

26-майда допинг тесттери оң болуп чыккан орусиялык 14 спортчунун арасында 2008-жылы Бээжин Олимп оюндарында медаль алган 10 олимпчи бар экенин жазышты. Ага чейин 18-майда Эл аралык Олимпиада комитети Сочи оюндарында спортчулардан алынган анализдер кайра текшерилерин маалымдаган.

Апрель айында Допингге каршы дүйнөлүк агенттик – WADA 2014-жылкы изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, тыюу салынган заттарды колдонуу боюнча биринчи орунда Орусиянын спортчулары, андан кийин Италия жана Индия өкүлдөрү турат.

Спорт түрлөрүн алганда кызытманы эң көп жеңил атлетчилер колдонушат, экинчи жана үчүнчү орунду бодибилдинг жана велоспорт ээлеген. Дал ушул атлетчилерге байланыштуу былтыр башталган допинг чуусу 18-майда жаңы фактылар ачыкка чыккандан кийин кайра тутанды.

Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах 18-майда жасаган билдирүүсүндө Сочиде 2014-жылы өткөн Олимпиада оюндарындагы кызытма боюнча анализдер кайра текшерүүгө берилерин жарыялады.

Бах кошумчалагандай, учурда орус атлеттеринен тышкары, 2008-жылкы Бээжин оюндарына катышкан 12 улуттук команданын 31 спортчусу допинг колдонгон деп шектелүүдө. Ошол себептүү жакын арада 2008 жана 2012-жылдардагы Бээжинде жана Лондондо өткөн Олимпиада оюндарындагы анализдер да кайра изилденип чыгат.

Анализдерди текшерүү Швейцариянын Лозанна шаарындагы допингге каршы лабораторияга тапшырылды. Ал эми көз карандысыз комиссиянын жетекчилигине канадалык юрист, Спорт боюнча арбитраждык соттун мүчөсү, профессор Ричард Макларен дайындалганы 20-майда белгилүү болду.

Ал тапта АКШнын Юстиция департаменти орус атлетчилерине каршы иликтөө иштерин баштады. Буга New York Times гезитине чыккан макала негиз болгон. Анда орусиялык спортчуларга кызытма берүүнү спорт жетекчилиги өзү колдогону тууралуу маалыматтар айтылган. Нью-Йорктун Чыгыш округунун прокуратурасы спортчулардын кызытма колдонуусунда орус өкмөтүнүн аткаминерлеринин, машыктыруучулардын жана спортчулардын ролун иликтейт.

АКШнын сот системасына ылайык, эгер кылмыш иштери Кошмо Штаттардын аймагында болсо же кылмыш иштерге америкалык банк системасы аралашса, чет элдик жарандарга кылмыш ишин козгоого уруксат берилет.

Допинг боюнча орусиялык эксперт Николай Дурманов иликтөө бир топ убакытты талап кыларын жана Олимпиада алдында шашылыш чечимдер чыгарылып калышы мүмкүндүгүн айтты:

- Албетте иликтөө жүргүзүлүшү керек жана аны эртерээк өткөрүү зарыл. Бирок кандай гана иликтөө болбосун бул териштирүү жүргүзүп жаткан комиссиянын бири-бири менен макулдашуусун, аркы-берки каттамдарды, каржылык маселелерди талап кылат. Ал эми эки жумадан кийин биздин жеңил атлетика боюнча курама командабыз Риого барабы же жокпу так чечилиши керек. Албетте эки жума ичинде иликтөө иштери бүтпөйт. Бул жагымсыз абал баарына таасирин тийгизет. Ушундай кырдаалда шашылыш чечимдер кабыл алынып калышы мүмкүн. Кийин Олимпиададан соң бир нерсе туура эмес болгону аныкталса, артка жол болот.

Иликтөөнүн алкагында Москванын допингге каршы лабораториясынын мурдагы башчысы Григорий Родченковдун ишмердүүлүгү текшерүүгө алынат.

Кызытма арак менен берилгенби?

The New York Times гезитинде 12-майда АКШда жашаган Родченковдун маеги жарык көргөн. Кесиби боюнча химик Родченков орус спорт тармагында иштеген аткаминерлер атайын кызматтардын көзөмөлү менен спортчуларга Сочидеги Олимпиадада допинг беришкенин айткан. Анын айтымында, спортчулардын анализдери алмаштырылып турган. Родченков ондогон спортчулар кызытма колдонгонун, алардын арасында Сочиде жеңишке жеткен 15 медалист да бар экенин белгилейт. Ал өзү метонолон, тренболон жана оксандролондон турган допинг ойлоп тапканын, аны эркектерге арак менен, аялдарга вермут ичимдиги менен кошо берип турганын, Олимпиада маалында жүздөн ашык анализ тазаларына алмаштырылганын да жашырган эмес.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматынын спорт кабарчысы Алексей Кузнецов азырынча Родченковдун сөздөрүнө толук ишенүү да, аны четке кагуу да эрте экенин айтат:

- Допингге каршы лабораториянын мурдагы жетекчиси Родченков калп айткан адам эмес. Менимче ал аябай олуттуу күбө жана анын сөздөрүнө көңүл бурбай коюу кыйын. Бир жагынан олуттуу териштирүүдөн да баш тартпаш керек. Азыр окуялар өнүгүп атат, териштирүүлөр жүрүп жатат. Эки тараптын тең кандай далилдери, кандай негиздери бар экенин байкайлы. Азырынча орус тараптын “Баары жалган!” дегенден башка эч кандай жүйөсү жок. Мутков менен Песковдун да сүйлөгөндөрү олуттуу эмес.

Кузнецов белгилегендей, гезиттеги Родченковдун сөзүн орус бийлиги этибарга алган жок. Орусиянын спорт министри Виталий Мутко Орусияга таарынычы бар адам оюна келгенин сүйлөй берет десе, президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул билдирүүлөр эч негизсиз, ишенимдүү эмес экенин айтып, "чыккынчынын ушагы" деп кошумчалады.

Алексей Кузнецов Орусиянын мелдоний чуусу аяктай электе, дагы бир жаңжалга аралашып калганы албетте жакшы эмес экендигин белгилейт:

- Олимпиада ири киреше булагына айланганына көп болду. Өзгөчө 1984-жылдан бери. Албетте, Олимпиада чемпиону болгон адам өзүнө жаркын келечекти камсыз кылат. Ал жарнамалардын жүзүнө айланып, өзү эле эмес, айланасындагылар да жан багат. Мындан улам ар кандай кадамдарга деле барышы мүмкүн. Ошол себептүү, бул жерде бир гана саясий фактор роль ойноп жатат деген болбойт. Каржы маселеси да чоң мааниге ээ. Родченков албетте көп олуттуу нерселердин бетин кеңири ачып берген. Анын сөздөрүндө ФСБнин да аралашканы айтылат. Бирок реалдуу фактылар, так далилдер жок. Ошентсе дагы The New York Times жөн эле баарын жарыялай бере турган гезит эмес. Бул абройлуу басылмалардын бири. Анын да кандайдыр бир өз жүйөлөрү бар. Эмнеси болсо да Олимпиаданын алдында Орусиянын спорту чоң чууга батып калды. Эми ал андан кантип чыгат - бул Сочиде өткөн Олимпиадага эле байланыштуу эмес. Анткени быйыл алдыда чоң спорт иш-чаралары күтүлүүдө, Олимпиададан тышкары футбол боюнча Европа чемпионаты бар. Учурда хоккей боюнча дүйнө биринчилиги өтүп жатат. Орусия спортунун - мелдоний чуусу аяктай электе, дагы бир жаңжалга аралашып калганы албетте жакшы эмес жана ойго салат. Азырынча эч нерсе далилдене элек, ошондуктан Орусия кайра капканга түштү деп катуу кыйкырууга азырынча эрте.

Допинг чуусунда Кыргызстан да четте калбады...

Допинг чуусуна байланыштуу жакында эле бир топ спортчулардын Олимп оюндарына алган жолдомолору кайтарылып алынды. Алардын ичинде Астанада өткөн лицензиялык мелдеште 85 килограммга чейинки салмакта Олимп оюндарына жолдомо алган кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеевдин допинг колдонгону да аныкталган. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму допингге каршы мыйзамдарды бузгандарды эске алып, 11-майда Олимп оюндарына жолдомо алган өлкөлөрдүн тизмесине тактоо киргизди.

Кыргызстандагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Төлөсүн Ысыраилов Кенжеевдин канынан тыюу салынган мелдоний препараты табылганын айтат.

Спорт комментатору Азамат Батай кыргыз спортундагылар эл аралык олимпиада комитетинен келген тыюу салынган кызытмалардын тизмесине убагында дыкат көңүл бурбай коюшу ыктымалдыгын айтат.

Анализдер качан, кайда алынат? Кыргызстанда жаш спортчуларга андай заттардын зыяны жөнүндө айтып беришеби? "Азаттыктын" суроолоруна спорттук дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Бактыгүл Алишева жооп берди.

Ал эми Жанарбек Кенжеев боюнча Алишева спортчу мурда бул дарыны колдонуп келгенин, бирок ал тыюу салынган препараттардын ичине кирген соң токтотулганын билдирди. Ошентсе да Алишева Кенжеев өз алдынча колдонуп коюшу мүмкүн деген жоромолду да четке какпайт.

Жыл башынан бери коңшу Казакстанда да 18 спортчунун анализдеринен тыюу салынган кызытмалар табылган, алардын арасында мелдоний да бар. Казакстандын Допингге каршы улуттук агенттигинен маалым болгондой, жалпысынан 960 анализ текшерилген жана кызытмалар 18 үлгүдөн табылган. Азырынча ал спортчулардын тек-жайлары ачыктала элек.

Допингге каршы эл аралык агенттик мелдоний дарысын колдонууга быйыл 1-январдан тарта тыюу салган. Андан бери Орусиянын кыркка жакын спортчусу бул дарыны колдонгону белгилүү болду. Текшерүүлөр жалпысынан жыл башынан бери ар кайсы өлкөлөрдүн жүздөй спортчусунан бул дарыны колдонгонун аныктаган. Алардын арасында таанымал теннисчи Мария Шарапова да бар.

Жүрөк оорусуна чалдыккандар ичкен дары

Буга чейин жөн дарылардын катарына кирген мелдоний препараты кандай учурларда колдонулат? Анын жаралуу тарыхы кандай? Бул суроолорго мелдонийди ойлоп тапкан, органикалык синтез боюнча Латвия институтунун окумуштуулар кеңешинин башчысы Иварс Калвиньш:

- Мелдоний - Латвияда чыгарылган дарынын эл аралык аталышы. Фармацевтика базарында “Милдронат” деп аталат. Бул дарыны латыштардын Органикалык синтез институту Москвадагы Экинчи медициналык институт менен бирге ойлоп тапкан. Дары жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган адамдардын оорусу күчөгөндө илдетти жеңилдетет. Дары синтетикалык заттан алынганы менен табиятта кездешкен затка өтө жакын. Болгону анын курамындагы көмүртектин бир атому азоттун атомуна алмаштырылат. Табигый зат гаммабутиробетаин деп аталат. Андан адамдын организминде карнитин пайда болот, ал эми карнитин митохондриалдык мембраналар аркылуу май кислоталарын ташыйт. Ал болсо энергиянын пайда болушуна өбөлгө түзөт. Биз бул механизм кычкылтек жетиштүү болгондо гана жакшы иштерин байкадык. Кычкылтек жетиштүү болгондо гана жүрөк кан аркылуу келген бардык май кислоталарды кычкылдантат. Кычкылтек жетишсиз болсо май кислоталары жөн гана клеткалардын ичинде жыйнала берет. Самынга окшош кислоталар клетканын бузулушуна алып келет. Ошол себептен карнитиндин биосинтезин жайлатсак, анын организмден чыгышына шарт түзөбүз деп ойлогонбуз. Ал эми кычкылтек жетишсиз учурда жүрөктүн булчуң эти жабыркамак эмес. Бул оюбуз туура чыкты. Азыр дүйнөдө эки жаатта талкуу бар. Бири карнитинди колдонуу керек, ал энергия бөлүм чыгарганга жардам берет дешсе, экинчилери - кычкылтек жетиштүү болгондо гана оң таасирин берерин, андан кийин зыян экенин белгилешет. Дарыны 1984-жылы Советтер Союзунда каттоодон өткөргөнбүз. Бул дары ушул күнгө чейин мурдагы советтик аймакта жүрөк кан-тамыр дарыларынын ичинен популярдуу болуп эсептелет. Дарынын эч кандай кыйыр таасири жок. Аны айлап-жылдап колдоно берсе болот.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик былтыр ноябрда жарыялаган 335 беттүү баяндамасында орус жеңил атлетчилерин тыюу салынган дарыны пайдаланганы үчүн айыптап, бул мамлекеттик колдоо аркылуу ишке ашканын билдирген.

Эл аралык комиссиянын корутундусунда Орусиядагы допинг тест жүргүзүүчү лабораторияда эки миңге чукул допинг-тест жана кандын үлгүсү жок кылынганы аныкталган болчу. Ошондуктан ал лабораториянын эл аралык аккредитациясын кайтарып алуу жагы сунушталган. Буга карата Кремлдин расмий жообунда допинг колдонууга байланыштуу бийлик айыптоонун айрым бир учурларына макул болуп, бирок көпчүлүк маселеде талаштуу жагдайлар бар экени көрсөтүлгөн.

Бул жаңжалдан улам Эл аралык жеңил атлетика бирлигинин жетекчиси, эл аралык олимпиада комитетинин ардактуу мүчөсү Ламин Диак кызматтан кетүүгө мажбур болгон.

Допинг боюнча орус эксперти Николай Дурманов Орусия бул маселени допингге каршы көз карандысыз агенттик түзүү менен гана чече алат дейт:

- Менин оюмда азыр эми аткаминерлерди урушуп кереги жок. Бул кызыксыз деле болуп калды. Анткени алар баары бир эч нерсе үчүн жооп беришпейт. Допинг чиновниктерсиз эле өнүгүп жатат, алардын буга таасири деле жок. Анткени кызытма колдон деп бирөө-жарымды мажбурлай албайсың да. Бул машыктыруучулардын, дарыгерлердин жана спортчулардын социалдык феномени. Эми эмне күтүлөрү тууралуу айта кетсем, биздин өлкөнү алсак, бул нерсени көз карандысыз Допингге каршы агенттик түзүү менен гана чечүү мүмкүн. Ал жакка чет өлкөдө окуп келген мыкты, билимдүү адистерди тартуу керек. Бул абдан олуттуу иш. Бирок бул реалдуу нерсе.

Орус спортчуларынын келечеги 17-июнда анык болот. Дал ошол күнү Эл аралык жеңил атлетика федерациялар ассоциациясы чогулуп, бул суроону талкуулашат.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG