Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

“Панама-гейттин” мааниси жана сабагы


Офшордук аймак катар таанымал Панама салыктары абдан төмөн өлкө. Сүрөттө: борбор Панама шаары.

Офшордук аймак катар таанымал Панама салыктары абдан төмөн өлкө. Сүрөттө: борбор Панама шаары.

Офшордук аймактардын биринин бет пардасын сыйрыган “Панама документтеринин” жарыяланышы дүйнөнүн бай, таанымал жана саясий байланыштары бар адамдары жана мамлекет башчыларынан тартып, байлыгы жашыруун ири ишкерлерди, бизнес ээлерин жана компанияларды ашкереледи.

Дүйнөлүк коомчулукка шардана болгон “Панама документтеринин” мааниси канчалык жана ал мындан ары офшордук бизнестин ачык-айкындуулугун жана салык адилеттүүлүгүн камсыздоого канчалык салым кошо алат? “Азаттыктын” кезектеги “Өңүт” берүүсүндө ушул маселе талкууланды.

Адегенде анонимдүү булактар аркылуу немистердин Suddeutsche Zeitung гезитине, андан соң эки журналисттик уюм - Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө боюнча баш кеңсеси Сараеводо жайгашкан борбор жана Иликтөөчү журналисттердин Вашингтондогу эл аралык консорциумунун колуна тийген маалыматтык база аркылуу жалпысынан 11,5 миллион барактан ашуун документ шардана болду.

Булар офшордук аймактарда катталган 214 миңдей фирманы жана алардын чыныгы ээлеринин ким экенин күбөлөндүргөн кагаздар.

- Панамада офшордук психология күчтүү экенин айтып кетүү керек. Анткени салыктар өлкөдө абдан төмөн. Соодадан алынуучу салык эки пайыздын эле тегерегинде.

Ал документтердин негизинде баяндама даярдаган авторлордун жазганына караганда, офшордо катталган ошол 214 миңдей фирма дүйнөнүн дээрлик 200дөй өлкөсүнүн адамдарына тиешелүү. Алардын арасында азыркы жана мурдагы мамлекет башчылардын кеминде 12синин, 140тай саясатчы менен коомдук ишмерлердин ысымдары аталды.

Дүйнө боюнча 500дөн ашуун банк жана алардын филиалдары, анын ичинде HSBC, UBC, Societe Generale өңдүү белгилүү каржы уюмдары да өз кардарлары үчүн 15 миңден ашуун офшордук компания түзгөнү шардана болду.

Документтер дүйнөнүн акыркы жылдары жигердүү өнүгүп келаткан офшордук аймактарынын бири - Панамада соңку 40 жылга жакын убакыттан бери мына ушул кызматты көрсөткөн Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын маалыматтык базасынан алынды. Бирок мынчалык көлөмдөгү документтер кантип чыгарылганы белгисиз.

Mossack Fonseca фирмасы анын компьютерлик серверлерине хакерлик чабуул жасалган деп ырастоодо.

Панама -"салык бейиши"

Офшордо катталган компанияларга ачык же жашыруун ээлик кылуу, эгер салык төлөөдөн качуу, кирешени бекитүү аргасында атайын жасалбаса, азыр эл аралык мыйзамдар боюнча кылмыш деп эсептелбейт.

Офшордук кызмат көрсөтүүсүнүн көлөмү жагынан дүйнөдө алдыңкы он орунда ирет менен Швейцария, Гонконг, АКШ, Сингапур, Кайман аралдары, Люксембург, Ливан, Германия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары турат. Бир фирмасынын акыркы 40 жылдагы маалыматтык базасы шардана болуп отурган Панама 13-орунда. Бирок офшордук аймак катары өз өзгөчөлүктөрү бар.

- Панамада офшордук психология күчтүү экенин айтып кетүү керек. Анткени салыктар өлкөдө абдан төмөн. Соодадан алынуучу салык эки пайыздын эле тегерегинде. Кирешеси аздар такыр эле салык төлөшпөйт. Кошумча нарк салыгы дээрлик нөлгө түшүрүлгөн. Жаңы автоунаалар дээрлик салык алынбастан сатылат. Айыл чарбасына, балык өндүрүшүнө инвестиция салгандарга абдан чоң жеңилдиктер берилет.

Панамалыктар анчалык деле бай эмес, социалдык мамлекет деген түшүнүк адамдар өзүн-өзү баксын деген принцип менен иштеп жаткандай. Салыктар мына ушундан улам төмөндөтүлүп, алар муну менен сыймыктанышат. Башкача айтканда көйгөй биз офшордук зона экенибизде эмес, салык силерде чоңдугунда деп эсептешет.

Испан тилдүү офшорлор мурда англо-саксондор, орус ишкерлеринин биринчи толкунунда анча популярдуу эмес болчу да. Анан офшорлорго каршы бүткүл дүйнөлүк күрөш башталганда, албетте капитал башка салык бейиштерине көчтү да. Панама каналы менен таанымал Панама мына ошол учурда түрдүү булактардан чыккан акча жайгаша ала турган пайдалуу булуңга айлана алды десек болот. Буга жогорку квалификациялуу адистери жетиштүү болгону да салым кошту. Көптөгөн панамалыктар АКШдан билим алышкан.

Экинчи жагынан офшордук психологиясы да жардам берди. Түндүк Америкада жана Европада мыйзам бузуу деп саналган көп нерселер панамалыктар үчүн кадимки эле иштей көрүнөт. Булардан сырткары Панама Түштүк Америкадан Түндүк Американы көздөй наркотрафиктин боюнда жайгашканы да өз ролун ойноду деп ойлойм. Панаманын банктары деле наркосооданын акчасынан такыр сыртта калган деп айтыш кыйын. Ал транзиттик жолдо да. Мунун баары биригип келип, мыйзамдын чек арасында же башка мыйзамда жашоону ыңгайлуу кылып жатат, - деди орусиялык журналист жана каржы эксперти Сергей Митин "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы менен маегинде.

Панама шаары.

Панама шаары.

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү офшорлорго, салык жана киреше жашырууларга каршы күрөштүн соңку толкунун 2008-жылкы каржылык кризистен кийин жүргүзгөн. Бул ишке эл аралык уюмдар да аралашкан.

Купуялуулукту ачуу

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун Салык саясаты жана башкаруу борборунун директор орун басары Грейс Перез-Наваро (Grace Perez-Navarro) “Азаттык” радиосу менен маегинде мындайт дейт:

- Биз Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунда салык маселесине байланыштуу транспаренттүүлүк жана маалымат алмашуу боюнча глобалдык форумду 2009-жылы эле түзгөнбүз. Бул уюмга 132 өлкө, анын ичинде Панама жана башка ири каржылык борборлордун баары мүчө болгон. Бирок, 2009-жылы бул форум түзүлгөндөн бери Панама ачык-айкындуулукту камсыздоо механизмдери боюнча биз мерчемдеген стандарттардын экинчи баскычына өтө албай келген. Экинчи баскычка өтүү үчүн алар мыйзамдарына олуттуу өзгөрүүлөрдү былтыр октябрда гана киргизишти. Андыктан дүйнөдө бул жаатттагы стандарттар жок эмес, бар. Бирок маселе ар бир өлкөдө ошол стандарттарды ишке ашыргыдай күчтүү механизмдердин иштеп-иштебегенинде. Кайра эле Панама аткарбаган стандарттардын бири – банк маалыматтарын автоматтык түрдө алмашуу жагы. Бул транспаренттүүлүк үчүн кай жагынан маанилүү. Эгер банкы эсеби, кайсыл бир корпорациянын атына ачылган болсо, банктар жана башка каржылык институттардын кардарлары ошол банк эсепке ээлик кылган корпорациянын жеке акционерлери ким экендигин да биле алышканында. Панама мына азыркы кезге чейин дүйнөнүн ири каржы борборлору ичинен банк эсептери боюнча маалыматты автоматтык түрдө алмашуу эрежесине көнбөй келген. Ал бул боюнча мыйзамдарын жакында эле кайра карады. “Панама документтериндеги” маалыматтардын башы 40 жыл мурдагы учурга чейин такалып жатпайбы, андыктан бул иштердин көбү азыркыга караганда мурда жасалган да.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун өкүлү Грейс Перез Наваро (Grace Perez-Navarro) “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, “Панама документтеринин” сабактарынын бири төмөнкүдө жатат:

- Менимче, анык болуп калган нерсе өкмөттөр тараптан кандайдыр бир чара көрүлөрү. Биз мисалы келерки аптада Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунда чукул жыйын уюштуруп жатабыз. Биздин жумушчу топтордун бири офшорлордогу “салык бейиштерин” карайт, кырдаалды оңдоо жолдорун талкуулашат. Келерки аптада "Чоң жыйырманын" тобуна кирген өлкөлөрдүн каржы министрлери да чогулган жатат. Айрым өлкөлөрдөн офшорлорло азыркыдай практика улана албайт деген белги берилип жатат. “Панама документтеринен” биз алган башкы сабак – офшордогу компаниялардын, жасалма компаниялардын артында турган жеке адамдар ачыкталбаганында. Буга байланыштуу чечүүнү талап кылган маселе ар бир өлкөдө офшордо катталган компаниялардын артында кимдер турганын укук коргоо органдары биле алгыдай механизм жаратуу. Башкача айтканда биз корпоративдик купуялуулуктун бет пардасын ачуубуз керек.

Офшорлордун ачык реестрин түзүүгө чакырык

Ал эми дүйнөдө коррупциянын абалын иликтеген Transparency International уюму офшордук фирмаларды коррупциянын булагы деп атап, дүйнөлүк экономиканын 85% көзөмөлдөгөн “Чоң жыйырманын” өлкөлөрүн менчик реестрлердин ачыктыгын кепилдөөгө, мындайга барбаган мамлекеттерге санкция колдонууга да чакырды.

“Азаттык” бул уюмдун коомчулук менен байланыш боюнча директору Кейси Келсо (Casey Kelso) менен маектешти:

Келсо: Менимче, “Панама документтери” коррупцияга каршы күрөш үчүн бурулуш болот. Бул окуя эл аралык коомчулук, өкмөттөр декларация жасай берүүнү токтотуп, анткени бул жетиштүү жасалды, эми коррупциянын эч кимге билгизбестен бир өлкөдөн экинчиге көчүүсүн токтотуу үстүндө иштөөсү керектигин көргөздү.

“Азаттык”: Transparency International уюму эл аралык коомчулукту офшордук компанияларга тыюу салууга үндөп жатат. Сиздер кайрылып жаткан "Чоң жыйырманын" алкагында буга чейин бир топ эле иштер жасалды да, туурабы?

Келсо: Ооба, буга чейинки талкууларда чын эле көп нерсе айтылды. Чоң сегиздин тобу эки жыл мурда убада берсе, "Чоң жыйырманын" тобундагы өлкөлөр былтыр эле убада кылган. Бирок Transparency International уюмунун баамында, "Чоң жыйырманын" кеминде он беш өлкөсүндө күмөндүү акча агымдарын токтотуу боюнча укуктук чаралары жетишсиз. Анткени бул жерде мыйзамдуу акча которуулар менен уурдалган, жашырылган байлыктын бир жактан экинчи жакка көчүрүлүшү ордунда чоң айырма бар да.

"Чоң жыйырманын" кеминде эки өлкөсүндө өзүндө жасалма компаниялардын артында туруп, пайда алгандар боюнча аныктама жок. Демек бул жерде чара көрүлөт деп айтуудан мурда да жасоону талап кылган иштер бар.

“Панама документтери” офшордук компаниялар Лондондон, кээде Швейцариядан, Сингапурда чыгып каларын көргөзүп жатпайбы. Анткени, жасалма компаниялар ири каржы борборлорунун ар биринде бар.

“Азаттык”: Transparency International уюму жасалма, жашыруун компаниялардын бизнесте колдонулушуна тыюу салуу боюнча үч кадамды сунуштап жатасыңар. Алар кайсыл кадамдар?

Келсо: "Биринчи кадам бул дүйнө өлкөлөрүнүн баарынын алардын аймагында катталган компанияларга ким чындап ээлик кылып, көзөмөлдөй турганы боюнча ачык-айкындуулукту эң жогорку деңгээлде талап кылуу. Бул үчүн өкмөттөр коомчулук үчүн да ачык реестрди киргизүүсү керек. Мында соода жүргүзүп же контракттарды жеңип алып жаткан компаниянын артында кимдер турарын өкмөттөр же укук коргоо органдары эл эмес, жарандар да, журналисттер да биле алгыдай болушу абзел.

“Транспаренси Интернешнл” ошондой эле бенефициардык менчик ээлеринин глобалдык деңгээлдеги реестрин түзүүнү сунуш кылууда. Ал өкмөттөрдүн колундагы реестрлердин негизинде курула алат. Ал жерден да ар бир адам коомдун эсебинен киреше таап жаткан компаниялардын чыныгы ээлери биле алгыдай болушу керек.

"Панама документтери” шардана болгондой кийин Нидерланды, Норвегия, Украина, Британия бенефициардык менчик ээлеринин коомчулук үчүн ачык реестрин түзүүнү убада кылышты. Ал жерде компанияны түзгөн компаниянын эмес, тирүү адамдын ысымы болушу керек. Тилекке каршы азыр бул боюнча глобалдык келишим жок.

Биз сунуш кылып жаткан экинчи кадам – кесипкөйлөрдүн: юридикалык фирмалардын, аудиоторлук компаниялардын, кыймылсыз мүлк саткан агенттиктердин, фирма түзгөндөрдүн арам акчаны адалдоо учурлары боюнча маалымат бергидей эл аралык стандарттарды киргизүү.

Эгер алар коррупцияга аралашса өкмөттөр санкция колдонуп, кесиптик башкаруу уюмдары лицензиясын чакыртып алгыдай болушу керек.

Биздин үчүнчү сунушубуз бардык өлкөлөр бюджеттик контракттарды, мисалы, жол, аэропорт, оорукана, мектеп салууга умтулган компаниялардан алардын чыныгы ээлери ким экенин талап кылуусу.

Адатта коррупция кеңири жайылган өлкөлөрдө эмне болот, президент, премьер-министри, же жогорку бийликтеги башка адам жээни тендерди жеңген компаниянын артында турат да. Буга жол бербөөнүн жалгыз жолу – өкмөттөр өлкөнүн ичиндеги же чет өлкөлүк юрисдикциядагы компаниябы аны акырында барып ким көзөмөлдөй турганы боюнча ачык-айкындуулукту талап кылуусу.

"Панама документтери” шардана болгондой кийин Нидерланды, Норвегия, Украина, Британия бенефициардык менчик ээлеринин коомчулук үчүн ачык реестрин түзүүнү убада кылышты. Ал жерде компанияны түзгөн компаниянын эмес, тирүү адамдын ысымы болушу керек. Тилекке каршы азыр бул боюнча глобалдык келишим жок. Былтыркы жылы гана "Чоң жыйырманын" өлкөлөрү бул жаатта ыктыярдуу принциптерди гана киргизишкен. Алар муну милдеттүү эмес, ыктыярдуу гана кылышкан. Башкача айтканда өкмөттөрдү буга милдеттендирген келишим жок", - деди Кейси Келсо.

Келерки айда Лондондо дүйнө лидерлеринин коррупцияга каршы глобалдык саммити өтүшү керек. Жыйын Британиянын демилгеси менен уюштурулууда.

Transparency International уюму каржылык системадагы купуялуулукту токтотуу багытында глобалдык келишимге жетишүүнү алгачкы мүмкүнчүлүгү ушул саммит болот деп үмүт артууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG