Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:01

Алишева: Допингге каршы иш кагазда эле калууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик – WADA 2014-жылкы изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, тыюу салынган заттарды колдонуу боюнча биринчи орунда Орусиянын спортчулары, андан кийин Италия жана Индия өкүлдөрү турат. Спорт түрлөрүн алганда кызытманы эң көп жеңил атлетчилер колдонушат, экинчи жана үчүнчү орунду бодибилдинг жана велоспорт ээлеген.

2014-жылы кыргызстандык бир спортчунун, тагыраак айтканда, футболчунун анализдери оң болуп чыккан. Анализдер качан, кайда алынат? Кыргызстанда жаш спортчуларга андай заттардын зыяны жөнүндө айтып беришеби? "Азаттыктын" суроолоруна спорттук дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Бактыгүл Алишева жооп берди.

"Азаттык": Тактоо иретинде сурай кетсем, Кыргызстан WADAнын юрисдикциясына киреби?

Бактыгүл Алишева: Ооба, биз Дүйнөлүк допингге каршы агенттигине баш ийебиз. Биз мекеменин бир катар документтерин аткарабыз деген милдеттенме алганбыз. Анын негизгиси – кодекс, анда ар бир өлкө сакташы керек болгон стандарттар бекитилген. Ага тыюу салынган заттардын тизмеси киргизилип, допинг көзөмөлдүн жол-жоболору аныкталган.

"Азаттык": Ошол процедурага токтолсоңуз. Кандай анализдер алынат жана качан? Мелдешке чейинби же андан кийинби?

Бактыгүл Алишева: Ал текшерүү экиге бөлүнөт – мелдешке чейин жана анын учурунда алынчу анализдер. Ар жылдын башында WADAнын сайтына дүйнөлүк деңгээлдеги алдыңкы спортчулардын тизмеси чыгарылат. Алар жарыштардан тышкары да текшерилип турушу керек.

Эмне үчүн биздин айрым спортчулар кармалып калып жатат? Алар жакшы көрсөткүч көргөзүүнү көздөп колдонушпайт, маалыматы жоктугунан болот.

Буга чейин ошол тизмеге илинген спортчуларыбыз аз болчу. Быйыл үч спортчубуз камтылган. Бул эмнени билдирет? Спортчу мелдештерде же машыгууда жүрөбү, же уктап жатабы допинг көзөмөлдөөчү агенттиктин офицерлери күндүз же түн ичинде болобу, каалаган учурда анализ алышы мүмкүн. Ошон үчүн алар жыл ичинде кайда барышарын алдын ала маалымдап турууга милдеттүү. Атап айтсам, бул - грек-рим күрөшү боюнча Арсен Эралиев жана Мурат Рамонов, эркин күрөш боюнча Магомед Мусаев. Алар азыр жайкы Олимпиадага жолдомо утуп алышты. Ошон үчүн аларды ушундай көзөмөлгө алышат. Калган спортчулар болсо мелдештер учурунда текшерилип турат.

Кимден анализ алышарын анын жүрүшүндө аныкташат. Адатта биринчи үч орунду ээлегендер же бир эле алтын медалды уткан спортчуну текшеришет. Анын жыйынтыгы үч жума ичинде даяр болуп, анан бизге тыюу салынган заттардын бар-жогун кабарлашат. Допинг табылса, тигил же бул спортчу тизмедеги препаратты колдонгонду үчүн убактылуу мелдештерден четтетилет деп жазышат.

"Азаттык": Ошол препараттар чындап эле ошондой “сыйкырдуу” күчкө ээби? Ичсең эле көрсөткүчтөрүң жакшыргандай?

Бактыгүл Алишева: Тыюу салынган препараттардын тизмесин асмандан алышпайт да. Өзүнчө бир мониторинг жүргүзүлөт. Мисалы, эмне себептен ошол эле чуулгандуу мельдоний камтылды? Жыл сайын улам жаңы дарылар киргизилип келатат. Аларды бир-эки жыл иликтеп, байкоо салышат. Анан "баланча деген препарат чындап эле спорттук көрсөткүчтөрдү жакшыртууга кудуреттүү" деп ырасталганда гана “кара тизмеге” кошушат.

Адатта биринчи үч орунду ээлегендер же бир эле алтын медалды уткан спортчуну текшеришет.

Алсак, анаболикалык стероиддерди узакка колдонсо, булчуңдун көлөмүн, күчүн көбөйтөт. Жеңил атлетчилер эмне үчүн кызытмаларды колдонушат? Себеби, чыдамкайлык да өсөт. Кээ бир учурларда эмне үчүн спортчулардын жүрөгү кармап көз жумганына күбө болобуз? Себеби ар кандай стимуляторду ичкенде өздөрү билбестен, сезбестен организмге жөн жүргөндө көтөрө албаган абдан чоң күч келтиришет.

"Азаттык": WADAнын докладында 2014-жылы алдыңкы жылга салыштырмалуу чоң спортто кызытма колдонуунун далилденген учурлары азайыптыр. Негизинен азыркы тенденция кандай деп ойлойсуз? Чын эле азайып жатабы?

Бактыгүл Алишева: Мен процент же сандарды келтирип жооп бере албайм. Бирок Кыргызстанда допингди көп колдонушпайт. Биринчиден, аларды табуу оңой эмес, экинчиден, кымбат. Бирок технологиялар жана фармакология, өзгөчө спорттук фармакология тармагы өтө жабык болот эмеспи. Убакыт ордунда турган жок да, улам жаңы дары-дармектер чыгарылууда. Албетте, өнүккөн бай өлкөлөрдөгү спортчулардын колунан келген нерселерге биздин чамабыз жетпейт.

"Азаттык": Кыргызстандын допингди аныктаган лабораториясы жокпу?

Спортчу мелдештерде же машыгууда жүрөбү, же уктап жатабы допинг көзөмөлдөөчү агенттиктин офицерлери күндүз же түн ичинде болобу, каалаган учурда анализ алышы мүмкүн.

Бактыгүл Алишева: Бизде жок. Белгилей кетчү жагдай, допинг анализ жүргүзүүгө укугу бар лаборатория сөзсүз түрдө WADAнын аккредитациясын алууга тийиш. Ошондой лицензиясы бар болсо, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары расмий таанылат. Борбор Азияда эң жакынкы лаборатория Алматыда бар экенин билем.

"Азаттык": Машыктыруучулар, сиздей догдур-адистер жаш спортчулар арасында кызытманын зыяны тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөсүңөрбү?

Бактыгүл Алишева: Ар бир мамлекетте өзүнүн допингге каршы уюму сөзсүз болушу керек деп ойлойм. Бизде кагаз жүзүндө эле андай мекеме бар. Бирок спорт догдурларыбыз аз. Бул маселе азыр мамлекеттик деңгээлде да козголуп жатат. Ошол уюм спорт мектептеринен баштап иш жүргүзүүгө тийиш. Тыюу салынган препараттар кайсылар экенин, алардын зыянын түшүндүрүп эскерткен маалыматтарды, баракчаларды чыгарса болот эле. Ошентип баскыч-баскыч менен жогорку класстагы спортчуларга чейин профилактикалык иштерди жүргүзүү керек.

Эмне үчүн биздин айрым спортчулар кармалып калып жатат? Алар жакшы көрсөткүч көргөзүүнү көздөп колдонушпайт, негизинен билбей, маалыматы жоктугунан болот. Кээде – бул "кара тизмедеги" зат экенин билген эмесмин дешет.

Чынында бул өтө чоң проблема да. Биз, дарыгерлер, бул жаатта колубуздан келишинче аракет көрүп жатабыз. Бирок ал жетиштүү эмес. Спорттогу бул чоң иш менен алектенчү уюм зарыл. Кыргызстанда болсо догдурлар тартыш болгону аз келгенсип, маалымат да жетишсиз.

XS
SM
MD
LG