Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Украинадагы бийлик кризиси


Премьер-министр Арсений Яценюк парламенттин өкмөткө ишеним көргөбөө маселеси каралган жыйынында сүйлөөдө. Киев, 16-февраль, 2016-жыл.

Премьер-министр Арсений Яценюк парламенттин өкмөткө ишеним көргөбөө маселеси каралган жыйынында сүйлөөдө. Киев, 16-февраль, 2016-жыл.

Украинада өткөн аптада башкаруучу “Европачыл Украина” коалициясы иш жүзүндө ыдырады. Мунун алдында парламент өкмөттү кетире албай койгон эле. Парламенттеги добуш берүү алдында өкмөткө элден ишеними жоголгонун Украинанын президенти Петро Порошенко да ачык айтты. Бул өлкөнүн Майдан окуяларынан кийин карманган жаңы багытына же бийликтеги конкреттүү адамдарга карата гана ишенимдин жоголушубу? Ушул жана башка суроолор “Азаттыкттын” “Өңүт” берүүсүндө талкууланды.

Өкмөт боюнча соңку апталарда күчөгөн талаш-тартыштардын маңызы украин парламентинде 16-февраль күнү ачыкка чыкты. Ал күнү парламентте өкмөттүн отчету угулуп, бирок артынан эки ача чечим кабыл алынды.

Адегенде парламент көпчүлүк добуш менен Майдандын лидерлеринин бири - Арсений Яценюк башкарган өкмөттүн ишин "канааттандырбайт" деп тапты, бирок ошол эле учурда өкмөткө ишеним көргөзбөө боюнча сунуш өткөн жок.

Премьер министрди кетирүүнү караган резолюцияны болсо күн тартибине башка бирөө эмес, Яценюктун саясий өнөгү, президенттин партиясы - “Петро Порошенконун блогу” фракциясы өзү алып чыкты.

Атүгүл парламенттеги добуш берүүнүн жуп алдында Арсений Яценюкту премьерлик орунду бошотууга, президент Петро Порошенко өзү да расмий чакырган эле.

Мурдагы премьер Юлия Тимошенконун партиясынын бедели соңку кездери көтөрүлдү.

Мурдагы премьер Юлия Тимошенконун партиясынын бедели соңку кездери көтөрүлдү.

Премьерди кызматтан кетирүү аракети ишке ашпай калган соң украин парламентиндеги эки: “Батькивщина” жана «Самопомощь» партияларынын коалициядан чыгышы менен “Европалык Украина” коалициясы иш жүзүндө ыдырады.

Премьер-министр Арсений Яценюк алардын кадамын жоопкерсиздик жана популизм катары баалады.

Эми украин мыйзамдарына ылайык, коалиция тараганы расмий таанылгандан кийин отуз күндүн ичинде жаңысы куралышы керек. Андай болбосо президент парламентти таратып, мөөнөтсүз шайлоо жарыялайт.

Айрым талдоочулар эми Украина үчүн кырдаалдан чыгуунун эң оптималдуу жолу мөөнөтсүз шайлоо болуп калышы мүмкүндүгүн айтууда. Анткени коалициялык көпчүлүк кайрадан түзүлгөн күндө деле, эксперттер анын келечегинен күмөн санашат.

Украин саясатынын өзгөчөлүгү

Калк чоң үмүт арткан Майдан окуяларынан эки жыл өткөндөн кийин эле жаңы бийлик кураган өкмөткө президент айткандай элдин ишеними жоголушу эмненин белгиси? Биз ушул жана башка суроолор менен прикладдык саясий иликтөөлөр боюнча Киевдеги “Пента" борборунун башчысы Владимир Фисенкого кайрылдык.

Фисенко: Бул эми украин саясатынын өзгөчөлүгү да. Ал карама-каршылыктуу, сырттан башалмандай көрүнүп турат. Ооба, азыр Яценюктун өкмөтүнө, тагыраак айтканда, Яценюктун өзүнө нааразылык жаралууда. Парламент өкмөттүн ишин адегенде канааттандырбайт деп таап, бирок премьерди кызматтан кетирүү үчүн добуш топтой албай калганы Украинага мүнөздүү классикалык, абдан парадоксалдуу кырдаал.

“Азаттык”: Украина саясий кризиске, бийлик кризисине кабылды деген ойлор айтылып жатат. Азыркы окуялар Майдандагы саясий күчтөр ортосундагы мурдагы ынтымак бузулду, алар бирге иштеше албай калды дегенди билдиреби?

Парламент өкмөттүн ишин адегенде канааттандырбайт деп таап, бирок премьерди кызматтан кетирүү үчүн добуш топтой албай калганы Украинага мүнөздүү классикалык, абдан парадоксалдуу кырдаал.

Фисенко: Майдан менен байланышкан саясий күчтөрдүн 2014-жылкы коалициясына киргендер биринчи кезекте европалык интеграция боюнча союздаштар болчу. Европага интеграцияны колдоо жагынан ал биримдик азыр да сакталууда. Бул жерде эч кандай карама-каршылык жок. Бирок ошол эле учурда бул партиялар бир катар ички саясий маселелер боюнча атаандаштар да, ал эми ички маселелер боюнча олуттуу карама-каршылыктар бардыгы жашыруун эмес. Президент Петро Порошенко да анын фракциясынан көп депутаттар Яценюктун кетишин көздөп жатканын сезгендиктен, кыйла ийкемдүү турумду карманып, премьерден талап кылбастан, анын өз эрки менен кетип калышын сунуш кылбадыбы. Бирок премьерге каршы добуш берүүгө чакырган жок. Анткени, кырдаал оор. Биздин эл аралык өнөктөштөр, эң биринчи кезекте Эл аралык валюта кору менен мамиленин логикасынан караганда саясий кризиске жол бербөө керек. Саясий кризистен качуунун бир аргасы коалицияны кайра куроо. Бирок ал коалицияда генетикалык жактан мурдагы президент Виктор Януковичтин “Региондор” партиясы менен байланыштагы “Оппозициялык блок” эч качан болбойт. Майдандын партияларынын баары “Оппозициялык блок” менен саясий союз түзүүгө караманча каршы.

“Азаттык”: Владимир мырза, айтсаңыз, анда өкмөттү кетирүү маселеси эмнеден улам чыкты. Турмуш европачыл партиялардын эл арасындагы бедели түшүп кеткенин көргөздү десек болобу?

Фисенко: Бул туура эмес. Сиз айтып жаткандай, европачыл күчтөрдүн рейтинги түшүп кеткен жок. Мен түшүндүрүп берейин. Өзү алардын арасынан бир гана саясий күчтүн рейтинги кескин түшүп кетти. Бул премьер –министр Арсений Яценюктун “Элдик майдан” партиясы. Анын да рейтинги европачыл багытты карманганынан эмес, премьер-министр Яценюктун популярдуулугу жоголгонунан улам түштү. Анткени, элдин жашоосу кандайдыр бир деңгээлде төмөндөп кетти, коммуналдык төлөмдөр кымбаттады. Премьердин ишине калк канааттанбай жатат. Сурамжылоолор элдин 70% азыркы өкмөттүн отставкасын колдой турганын көргөзүүдө. Өзү “Элдик майдан” 2014-жылдын октябрындагы шайлоонун жеңүүчүсү болуп анда 22% ашуун добуш алды эле да. Азыр бул партия үчүн добуш берүүгө шайлоочулардын бир эле пайызы даяр. Демек рейтинги чындап түштү. Бир азга президенттин партиясынын да рейтинги төмөндөдү. Акыркы шайлоодо алар 21,5% добуш алды эле, соңку сурамжылоолорго караганда бүгүн аларды элдин 16% колдоого даяр. Колдоо мурдагыдан төмөндөгөн менен президенттин партиясы партиялык рейтингде биринчи орунда калууда.

Бир жагынан Украинада антиолигархиялык маанай абдан күчтүү. Экинчи жагынан 2014-жылдагы президенттик шайлоодо олигарх деп эсептелген адам, президент Петро Порошенко жеңди да.

Андан ары кетсек, европачыл саясий күчтөрдөн мурдагы премьер Юлия Тимошенконун “Батькивщина” партиясынын рейтинги эки эсеге чейин көтөрүлдү. Башкаруучу коалициянын мүчөсү болгон "Самопомощь” партиясынын да рейтинги бир нече пайызга өстү. Ошол учурда дагы бир европачыл саясий күч жаралууда. Ал - Одессанын губернатору Михаил Саакашвили жетектеши мүмкүн болгон партия. Ал партияга элдин 12% добуш берүүгө даяр. Эгер европачыл партияларга добуш берүүгө даяр шайлоочулардын жалпы эсебин чыгарсак, азыр кайра эле 2014-жылдагы же андан бир аз жогору көрсөткүчтү алабыз. Европачыл партияларга жалпы колдоонун деңгээли түшкөн жок, болгону алардын өз лагери ичинде добуштар кайра бөлүнүүдө. Ал эми мурдагы режимдин калдыктарынан турган “Оппозициялык блоктун” азыркы парламентте союздашы жок, эгер мөөнөтсүз шайлоо болуп калса, кийинки парламентте да союздашы болбойт. Бирок соңку сурамжылоорго караганда 1-2% добуш кошушу мүмкүн. Акыркы шайлоодо алар 9,5% добуш алган, түрдүү сурамжылоолор боюнча азыр аларды шайлоочулардын 11-12% колдойт. Бирок алар эч качан шайлоонун жеңүүчүсү боло албайт.

“Азаттык”: Бирок башкаруучу коалицияны бузган европачыл партиялардын бири парламент премьерди кетире албай коюшун “саясий кландардын келишип алуусу” деп атаса, экинчиси “олигархиялык төңкөрүш” деп мүнөздөбөдүбү. Демек украин олигархтарынын саясатка таасири азыр деле бар, Яценюкту парламент премьерликтен кулата албашына олигархтардын жардамы тийди деген туурабы?

Фисенко: Ири бизнестин, олигарх деп аташкан адамдардын, ири ишкерлердин белгилүү бир саясий күчтөргө таасири сакталууда. Бирок олигархтардын азыркы таасири менен Януковичтин доорундагы таасири такыр эки башка нерсе. Азыр алардын таасири кыйла азайды. Бирок бир нерсени эске алуу керек. Бул кайра эле украин саясатынын парадоксалдуулугу. Бир жагынан Украинада антиолигархиялык маанай абдан күчтүү. Экинчи жагынан 2014-жылдагы президенттик шайлоодо олигарх деп эсептелген адам, президент Петро Порошенко жеңди да. Бирок ал Майдан менен байланышы бар олигарх болчу. Майдандын көптөгөн жактоочулары өзүнүн, идеологиялык, баалуулук жагынан жакын деген олигархына добуш беришти да.

Оор экономикалык абалдан улам рейтинги мурдагыдан төмөндөгөн менен президент Петро Порошенко коомдук ишеним көрсөткүчү жагынан баары бир азырынча эң популярдуу саясатчы бойдон калууда.

Премьер Яценюка каршы Жогорку Рададагы нааразылык акциясы. Киев, 16-февраль, 2016-жыл.

Премьер Яценюка каршы Жогорку Рададагы нааразылык акциясы. Киев, 16-февраль, 2016-жыл.

2014-жылы Игорь Коломойский деген олигархтын таасири өскөн. Бирок президент Порошенко олигархтарды саясаттан сүрүү боюнча өнөктүк баштаганда Коломойский губернаторлук кызматтан кетүүгө аргасыз болуп, анын таасири кескин азайды. Ринат Ахметов, Дмитрий Фирташ өңдүү олигархтардын таасири да азайды. Бирок Яценюкка ишеним көргөзбөө боюнча добуш берүүдөн биз ошол эле Ахметов, Коломойский ал премьер бойдон калышына жардам бергенин көрдүк. Алар чынында эле жардам берди. Бирок Яценюк алсыз премьер. Коомдо кадыр-баркы жок. Парламенттин жарымына жакыны да ишенбейт. Таасирлүү саясатчы жана күчтүү премьер болбогондон кийин ал олигархтардын кызыкчылыгын жигердүү түртө алат деп ойлобойм. Дагы бир жолу кайталайм, олигархтардын саясаттагы таасири басаңдады. Биздин өзгөчөлүгүбүз мисалы Орусияда президент Путинге жакын олигархтар үстөмдүк кылса, бизде олигархиялык атаандаштык бар. Бизде саясатты аныктай ала турган бир же эки олигарх жок, түрдүү олигархиялык топтордун атаандаштыгы бар.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG