Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:22

"Ихлас" курган үйдүн тургундары алданып калганын айтууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте "Ихлас (Арек строй)" курулуш компаниясы курган көп кабат турак үйдүн жашоочулары алданып калгадыктан суукта кыйналып жатканын айтууда.

Бүгүн Малдыбаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйдүн тургундары "Азаттыкка" кайрылып, батир тууралуу келишимде жылуулук борбордук система аркылуу берилери жазылганы менен эки жылдан бери электр аркылуу жылытууга мажбур болуп жаткандарын айтып беришти.

Алардын белгилешинче, ар бир чарчы метри 900 доллардан сатылып алынган. Тамак бышыруу, жылытуу электр менен болгондуктан ага күч келип, өчүп калууда. Жарык өчкөндө тогуз кабат үйдө лифттер да иштебей калып жатат.

Курулуш компаниясы бул тууралуу азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG