Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Кочкордо мугалимдер нааразы болууда


Нарын
Нарын

Нарын облусунун Кочкор районундагы эки айылдын мугалимдери айлыгы кыскарышы ыктымал экенин айтып, нааразы болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Семиз-Бел айылынын А.Бостонов атындагы орто мектебинин мугалимдери кабарлашты.

Алардын айтуусунда, Социалдык өнүгүү министрлигинен келген кагазда бийик тоолуу шартта иштегени үчүн айлык маянасына буга чейин кошумча берилип келген акча мындан ары төлөнбөй турганы айтылган. Жалпысынан 45% кошумча төлөм Семиз-Бел жана Арзы айылдарынын мугалимдерине төлөнбөй калышы ыктымал дейт нааразы топтун өкүлү, А.Бостонов мектебинин директорунун орун басары Атыргүл Осмонова:

- Биз Жогорку Кеңешке да кайрылганбыз. Азырынча Социалдык өнүгүү министрлигинен электрондук кат келди. Ал жерде "силер бийик тоолуу аймакка" кирбейсиңер деп жазылыптыр. Министрдин орун басарынын колу турат. Өзүбүз эсептетип көрсөк, тийшелүү бийиктикке 2 метр гана жетпейт экенбиз. Бирок бизде ошол эле суук, ошондой эле шамал, кышыбыз сегиз айга созулат, шартыбыз оор.

Мугалимдердин өтүнүчү боюнча "Азаттык" Социалдык өнүгүү министрлиги менен байланышты. Бирок бул мекеме аталган айылдардын мугалимдеринин айлык маянасын кыскартуу тууралуу кеп болбогонун айтууда.

Семиз-Бел жана Арзы айылдарындагы эки мектепте 400дөй окуучуга 70тен ашуун педагог сабак берет. (RK)

XS
SM
MD
LG