Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Стамбул: стадиондогу кош жардыруу


Стамбул: стадиондогу кош жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

Стамбул шаарында 10-декабрь күнкү жардыруу курмандыктары бери дегенде 38 кишиге жетти. Жарадар болгондор саны 166 киши экенин өкмөт кабарлады. Набыт болгондордун 30у полиция кызматкерлери. Кандуу окуядан улам мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоган 11-12-декабрга Казакстанга пландалган сапарын токтотту. Мамлекетте улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Күч органдары кылмышка шектүү 13 адам кармалганын билдирди. 10-декабрда кечинде Стамбул шаарында "Бешикташ" менен "Бурсаспор" футбол командаларынын беттеши бүткөн маалда "Водафон Арена" стадионунун тегерегинде кош жардыруу болгон. Азырынча кол салууга эч кайсыл топ жоопкерчилик алган жок. Бирок ички иштер министри Сулейман Сойлу муну күрт согушкерлери жасаганын билдирди. Соңку кездери Түркияда болуп жаткан жардырууларга “Ислам мамлекети” радикал тобу жана Күрт жумушчулар партиясы жоопкерчилик алып келет. Стамбулда жайгашкан Кыргызстандын Башкы консулдугу ал жактагы кыргызстандыктар жардыруудан жапа чекпегенин маалымдады. (Reuters агенттигини видеосу).

XS
SM
MD
LG