Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:09

Кушчубеков: Иран менен алакада этияттык керек


Талант Кушчубеков.
Талант Кушчубеков.

Бишкекке расмий сапар менен Иран президенти Хасан Роухани келди. Кыргыз-иран кызматташтыгы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков жооп берди.

“Азаттык”: Талант мырза, кыргыз-иран дипломатиялык мамилелери түптөлгөнүнө быйыл 24 жыл болуптур. Былтыр президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Иранга барганда эки тараптуу кызматташтыктын жаңы этабы башталганын айтты эле...

Байланышыбыз канчалык кеңейсе да, өзгөчө маданий, руханий саясатыбызда бир аз бекемирээк болушубуз керек. Себеби Кыргызстандын азыркы ал-ахыбалын, ислам дүйнөсүндө туруктуулугубуз анча бекем боло электигин эске алуу зарыл.

Кушчубеков: Белгилүү болгондой, Иран дүйнөдө атом маселеси боюнча бир топ проблемасы бар өлкө. Өзгөчө Батыш өлкөлөрдүн көз карашында атомдук куралга ээ болобуз деген өлкө катары ага карата көп жылдан бери саясий кысым көрсөтүлүп келген.

Чоң-чоң экономикалык санкциялар киргизилип, каражат жагынан болобу, технология жагынан болобу, буларга карата кандайдыр бир кыйынчылыктар түзүлгөн болчу. Ирандын өнүгүшүнө тоскоолдуктар пайда болгон. Ошого байланыштуу бул өлкөнүн тышкы дүйнө менен карым-катнашы да чектелген.

Былтыртан баштап Ирандын Батыш өлкөлөрү, өзгөчө АКШ менен саясат мамилелери бир аз жумшаргандан бери санкциялар алынды. Мунай базарында, экономикасында, айрыкча финансы тарабында жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болгонуна байланыштуу жаңы этап тууралуу сөздөр чыгууда.

Иран Жакынкы Чыгыштагы эң ири өлкөлөрдүн катарына кирет. Улуу Жибек Жолундагы мааниси абдан чоң мамлекет экени да атам замандан бери белгилүү. Ошол ролу азыр жаңы деңгээлге чыга турган мезгил келип отурат.

Кыргызстан менен 1992-жылдан бери карым-катнашта. Жаңы эгемендик алган өлкө катары биз менен жалпы саясий-экономикалык кызматташтык үчүн ошол кездеги шарттар заманга, учур талабына жараша түзүлгөн. Бирок мен жогоруда айткандай, мүмкүнчүлүк чектелген эле. Ошого байланыштуу биздин экономикада Ирандын орду анча бийик эмес болчу.

Биздин президент былтыр Иранга барды, быйыл алардын президенти келди. Бул жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканынын далили. Иран өлкөсү жалаң гана Кыргызстанга кызыгып жаткан жок. Булар азыр тышкы саясатын абдан активдүү доорго чыгаруу аракетин көрүүдө.

Менимче, Кыргызстанга сапарында Ирандын президенти жалаң эле эки тараптуу кызматташтык тууралуу кеп кылбайт, жалпы эле дүйнөдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу да сөз болот. Бул өлкө ШКУга кирүү аракетин көрүп жатат. Экономикалык биримдик жөнүндө да маселелер талкууланып, ЕАЭБ боюнча да пикир алмашуу болушу ыктымал.

Албетте, түздөн-түз Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы карым-катнаштын деңгээлин жогорулатуу, экономикабыз кыйналып турган кезде бизге кандайдыр бир инвестиция алып келүү тууралуу да маселелер козголсо керек.

"Руханий саясатыбыз бекем болушу керек"

“Азаттык”: Эл аралык маанидеги маселелер жаатында Кыргызстан менен Иран ортосунда пикир келишпеген же позициялары дал келбеген жагдайлар барбы?

Кушчубеков: Ачык айтылбаганы менен андай маселелер бар...

“Азаттык”: Кайсы, мисалы?

Технология жаатынан алып караганда Иран өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Кандайдыр бир жаңы технологияларды алып келебиз дегени ачыгын айтканда, чындыкка жатпайт.

Кушчубеков: Иран ислам дүйнөсүндө да атаандаштыкта жүргөн өлкөлөрдүн бири. Белгилүү болгондой, ал шиит багытынын желегин көтөрүп жүрөт. Анын тышкы саясатта да ролу абдан чоң. Буга бир топ каражат, мамлекеттин күч-аракети жумшалат.

Демек, сөзсүз түрдө бул нерсеге биерде да кандайдыр бир деңгээлде орун тапканга аракетин жумшайт. Ошондуктан, байланышыбыз канчалык кеңейсе да, өзгөчө маданий, руханий саясатыбызда бир аз бекемирээк болушубуз керек. Себеби Кыргызстандын азыркы ал-акыбалын, ислам дүйнөсүндө туруктуулугубуз анча бекем боло электигин эске алуу зарыл.

Кыргызстандын ичинде канча жамаат иш алып барып жатат, алардын ой-пикири, кылган иши дайыма эле бири-бирине шайкеш келбейт. Булардын кошумча бир агымдарды алып келгени өлкөбүздүн ички саясатына, керек болсо коопсуздугуна жакшы деген ойдон алысмын.

“Азаттык”: Демек, этияттык керек.

Кушчубеков: Сөзсүз түрдө. Бул өлкөдө идеология саясаты керек болсо бир аз агрессивдүү түр менен жүргүзүлөт. Ошону биз сөзсүз эске алышыбыз керек. Бизге мектеп куруп беребиз, окуу жай ачабыз, балдарыңарды окутабыз дегенден алысыраак болуу зарыл.

“Азаттык”: Экономикалык жактан кызматташтыктын Кыргызстан үчүн пайдалуу позициялары кайсылар?

Кушчубеков: Технология жаатынан алып караганда Иран өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Кандайдыр бир жаңы технологияларды алып келебиз дегени ачыгын айтканда, чындыкка жатпайт. Алар өздөрү абдан муктаж азыр. Себеби 15-20 жыл бул тармакта артта калып калган.

Ал эми финансы жагынан мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат. Бул тууралуу мен жогоруда да айттым. Мунайзат доорунда булар өз ордун алганга аракет жасап жатат. Эгер мунай, газдын баасы кымбаттаса, бир топ киреше алышат.

Өткөн кылымдын 70-жылдары Иран газ боюнча экинчи, мунай боюнча үчүнчү орунда турган өлкө болчу. Ушул жактан алып караганда, финансы жагынан аларда мүмкүнчүлүк пайда болушу ыктымал. Канча деңгээлде? Муну азырынча айтуу кыйыныраак.

Соода тармагында, албетте, тиешелүү жактар сөзсүз түрдө бири-биринин кызыкчылыгын табат. Алар бизден бирдеме алууга кызыкдар болуп, өзүндө өндүрүлгөн товарды да бизге алып келип сатканга аракет кылат.

Өкмөт аралык мамилелерде финансылык жагынан айрым мүмкүнчүлүктөр пайда болушу мүмкүн. Балким, кандайдыр бир кредит түрүндөбү же биргелешкен долбоор түрүндө.

Хасан Роухани Бишкекке келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:23 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG