Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:17

АКШ Сирияны колдогондорго санкция салат


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Сириянын президенти Башар Асад.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Сириянын президенти Башар Асад.

АКШ Сирия бийлиги менен кызматташкандарга санкция киргизе турган мыйзам кабыл алды.

Ал Конгресстин толук колдоосун тапса, ириде Орусия менен Иранга зыяны тийиши мүмкүн. Мындай болсо конгрессмендердин чечими Дональд Трамптын убадаларына каршы келип калат.

15-ноябрда Конгресстеги Өкүлдөр палатасы кабыл алган мыйзам Сирия бийлигин каржылаган же ал өлкөгө жүргүнчү, жүк ташуучу самолетторду жеткирген, транспорт, энергетика жана телекомуникация жаатында кызматташкан компаниябы же өлкөбү, санкция салууга жол берет.

Аталган мыйзам долбоорун палатадагы республикачылар да, демократтар да жапырт колдошту. Демилгечи, палатадагы тышкы саясат комитетинин төрагасы Эд Ройс:

- Мыйзамга ылайык, чет элдин компаниялар жана банктар бул режим менен же Кошмо Штаттар менен кызматташтыкты тандашы керек,-деди.

Ал эми демократ конгрессмен Элиот Энгель:

- Эгер сиз Асаддын режиминин куткаруучусу болсоңуз, анда эле биздин санкциялар торуна түшөсүз, - дейт.

Сирия: Алеппонун урандыда калган балдары

Сирия: Алеппонун урандыда калган балдары

Сириянын Алеппо шаарында авиасокку тийген үйдүн урандысынан табылган бала дүйнөнүн үрөйүн учурду. Ушуга удаа Улуттар Уюму гумжардам жетпей, согуш жүрүп жаткан аймактан чыгалбай жаткан эл ачка калганын айтып, коңгуроо какты.

Сириядагы жарандык согуш алты жылга аяк басты. Өлкөнүн өкмөтүн жетектеген Башар Асадга ушул тапта Орусия менен Иран көбүрөөк көмөк көрсөтүп жатканы белгилүү.

Ошол эле учурда АКШ, Европа өлкөлөрү Сирия оппозициясын колдоп, Асад режими кулашы керек деген турумда.

Ал эми Асад 15-ноябрда, мыйзам каралып жаткан убакытта Португалия телеканалына маек берип жатып, АКШ президенттигине жаңы шайланган Дональд Трамптын дарегине мындай деди:

- Эгер террористтер менен күрөшөм десе, албетте, биз өнөктөш болобуз. Мисалы, Орусия, Иран жана башка террористтерди жеңүүнү каалаган өлкөлөр менен кадимкидей өнөктөш болгондой эле.

АКШ президенттигине жаңы шайланган Дональд Трамп үгүт учурунда тышкы саясатта Орусия жана аны башкарган Владимир Путин менен мамилесин жакшыртарын такай айтып келген.

Ал эми жаңы кабыл алынган мыйзам түздөн-түз Орусия жана Иранга тиери белгиленет. Мындай шартта Трамп Орусия менен Сирия жаатында кандай саясат жүргүзөт деген суроо туулууда. Жана ошондой эле жаңы президент менен эл өкүлдөрүнүн, жадакалса республикачылардын ортосундагы пикир келишпестиктер улам дааналанууда.

Конгресстеги салмактуу сенатор Жон Маккейн ушу тапта АКШ-Орусия мамилесин жумшак жагына өзгөртүү коркунучтуу экенин эскертет:

- Бери эле дегенде бул Путиндин Сирия элин бөлүп жаруу аракетине кошулуу болуп эсептелет.

Жон Маккейн.
Жон Маккейн.

Мыйзамда эгер чатакты чечүү боюнча саясий сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болуп, караламан элге карата зомбулук токтосо, санкциялар таасирин жоготору көрсөтүлөт.

Бирок, АКШ менен Орусия башындагы Сирия чатагын тынч чечүү процесси күздө үзгүлтүккө учураган боюнча кайра жандана элек.

Бул мыйзамды эми Конгресстин Сенаты да карашы керек. Андан кийин президент кол койгон соң күчүнө кирет. Барак Обаманын администрациясы Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө терс таасир этет деп аталган долбоорду мурда колдобой келген.

Дональд Трамп эмки жылдын 20-январында кызматына киришет. Мыйзам долбоору Конгресстен толук колдоо тапса азырынча АКШнын кайсы президентинин колуна тиери белгисиз.

XS
SM
MD
LG