Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Ракканы бошотуу операциясы башталды


Сирияда АКШ колдогон күрт жана араб күчтөрү Ракка шаарын “Ислам мамлекети” террорду тобунан бошотуу операциясы башталганын жарыялады. Ракканы бошотууда кимдин ролу кандай болуусу керектиги соңку апталарда АКШ менен Түркия ортосунда талкууланып, айрым пикир-келишпестиктер да чыккан эле.

Сирия демократиялык күчтөрү же жергиликтүү күрттөрдүн Элдик коргонуу кошуундары – YPG жетектеген көп улуттуу оппозициялык альянс өз жарыясын жекшемби күнү Ракканын түндүк ыптасындагы Эйн Исса шаарчасынан жасады:

- Сирия демократиялык күчтөрүнүн жалпы командачылыгы Ракка шаарын жана анын чет жакасын “Даиш” өкүлү катары саналган эл аралык террористтик топтон бошотуу боюнча ири аскерий өнөктүк башталганын жарыялайт. Ракканын өз эли, Сирия демократиялык күчтөрүндөгү араб, күрт, түркмөн тайпалары тарабынан бошотулат. Алар Элдик коргонуу (күрттөрдүн) кошууну, Аялдардын коргонуу кошууну менен кызматташып, өз ишин эл аралык коалициялык күчтөр менен координациялайт. Биз “Даиштин” терроризмине каршы күрөшкөн аймактык жана эл аралык күчтөрдүн баарын анын өзөгүн жок кылуу ишине катышууга үндөйбүз, - деди Сирия Демократиялык күчтөрүнүн өкүлү Жихан Шейх Ахмад (Jehan Sheikh Amad).

“Ислам мамлекети” террордук тобунун Сириядагы иш жүзүндөгү борбору саналган, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Ракканы бошотууда ким кандай роль аткаруусу керектиги акыркы апталарда АКШ менен Түркия ортосунда талкууга айланган маселе болууда.

Түркия деле ИМ тобуна каршы АКШ баштаган коалицияга мүчө. Бирок Сириядагы операцияларды аны менен өзүнчө талкуулоонун себептери бар. Мисалы, расмий Вашингтон Сириянын ичинен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө жергиликтүү күчтөрдөн буга эң жөндөмдүү өнөктөшү катары күрттөрдүн элдик коргонуу кошууну - YPG'ны көрөт. Ал эми расмий Анкара YPG'ны жана сириялык күрттөрдүн башка бирикмелеринин баарын террорчул уюмдар деп санайт.

Түркия армиясы Сирия аймагында “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин чек арадан тазалоо деген “Евфрат калканы” операциясынын жүрүшүндө ал жердеги күрт кошуундары менен кагылыша кеткен учурлар да болгон.

“Вашингтон Пост” гезитинин өткөн аптада жазганына караганда, америкалык тарап Анкарага коалиция колдогон операцияга тоскоолдук кылбоосу зарылдыгын эскерткен.

Ракка операциясы жарыяланышына тушташ эки өлкөнүн башкы аскерий адамдары: АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төргасы, генерал Жозеф Данфорд менен Түркия армиясынын Башкы штабынын башчысы, генерал Хулуси Акар 6-ноябрда Анкарада жолугушту. Анда тараптар ИМ тобуна каршы Ирак менен Сириядагы операцияларды талкуулаганы кабарланды.

Вашингтондон АКШ коргоо министри Эштон Картер Ракканы бошотуу операциясынын башталышын кубаттап, бирок уруш жеңил болбой турганын белгиледи.

Ал эми АКШнын ИМ тобуна каршы эл аралык коалициядагы чабарманы Бретт МагГурк Иордания борбору – Амман шаарынан Ракка операциясы боюнча буларга токтолду:

- Биздин бул өнөктүктөгү негизги принцибибиз – “Ислам мамлекети” тобунан аймактарды тартып ала турган алдыңкы күч жергиликтүүлөрдөн болушу керек. Ал эми Раккага келгенде акыр аягында аны бошотуучу күчтөр биз жергиликтүү арабдар болушун каалайбыз. Биз ал согушкерлердин көбүн машыгуулардан өткөрдүк, өнөктүктүн кийинки этаптарында алардын саны да өсө берет. Биз, албетте, Сирия демократиялык күчтөрү менен тыгыз байланыштабыз. Биз абадан колдоо көргөзөзбүз. Бул иш координациялануусу абзел, - деп билдирди АКШ чабарманы.

Бретт МагГурк​ Ракка операциясын жүргүзүүдө Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтү менен эч координация болбой турганын кошумчалады.

Шаардын ичине, эл жашаган бөлүгүнө кайсыл күчтөр кирери ыктымал этникалык жаңжалдарга жол бербөөдөн улам маанилүү болуп жатат.

Мисалы, Ирактын Мосул шаарын бошотуу боюнча операцияга өкмөттүк аскерлерден тышкары күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү, шиит кошуундары, суннит урууларынын согушкерлери да тартылууда. Бирок шаардын ичине өкмөттүк гана аскерлер кирери жарыяланган.

ИМ тобунун Ирактагы де-факто борбору Мосулга чабуул башталганына төртүнчү аптага аяк басып калды. Эгер Мосул бошотулса, андан качкан жихадчылар Сириянын Ракка шаарына чогулуп, аны чет өлкөлөрдөгү кол салуулары үчүн база иретинде колдонушу мүмкүн деген кооптонуулар да чыккан. Мындан улам АКШ баштаган коалиция Ракканы да тезирээк курчоону көздөп жатканы өткөн айда эле айтылган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG