Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Коопсуздук Кеңеш Сирия боюнча чечим кабыл алды


Улуттар Уюмундагы Орусиянын элчиси Виталий Чуркин
Улуттар Уюмундагы Орусиянын элчиси Виталий Чуркин

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Сирияда ок атууну токтотуу жана тынчтык жараянын баштоо боюнча чечим кабыл алды. Чечимди Орусия сунуштаган. Тынчтык планга жараша Сирия бийлиги менен оппозициясы Астанада сүйлөшүүнү баштоого тийиш.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 2016-жылдын акыркы күнү, 31-декабрда жыйын куруп, анда Орусия жана Түркиянын ортомчулугу астында Сирияда ок атууну токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо планын талкуулады. Жабык өткөн жыйында Коопсуздук Кеңештин 15 мүчөсү Орусия жана Түркия сунуштаган долбоорду бир добуштан колдоого алышкан.

Кабыл алынган чечимдин акыркы текстинде Түркия жана Орусия өткөн жуманын башында жарыялаган ок атууну токтотуу келишими айрым кагылышууларга карабай, жалпысынан сакталып жатат деген сөз түшүп калган. Бирок Коопсуздук Кеңеш “Орусия жана Түркиянын Сирияда согушту токтотуу жана саясий жараянды баштоо аракеттерине колдоо көрсөтүп кубаттоого алган”.

Коопсуздук Кеңеши кабыл алган чечимде ошондой эле январь айында Астанада Сирия президенти Башар Асад менен оппозициянын сүйлөшүүсүн жүргүзүү да кубаттоого алынган.

Улуттар Уюмундагы Орусиянын элчиси Виталий Чуркин Астана сүйлөшүүсү Сирия бийлиги менен оппозициясынын Женевадагы сүйлөшүүлөрүн кайталабасын, тескерисинче ал сүйлөшүүгө түрткү берерин билдирди:

- Ал сүйлөшүүлөр үчүн убакыт чектелген эмес. Биз бир гана январь айынын аягында Астанада жолугушуу болорун билебиз. Андан кийин 8-февралда Стеффан де Мистура Женевада сүйлөшүүнү кайра улантууну көздөп жатат.

Виталий Чуркиндин айтканына караганда Астана сүйлөшүүсүн Орусия менен Түркия эле даярдап жаткан жок. Иран да активдүү катышууну көздөөдө. Бул сүйлөшүүлөргө Египет, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар жана башка өлкөлөрдүн катышуусу да кубаттоого алынат. Ал эми АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын 20-январдан тарта расмий ишке киришкенде Кошмо Штаттар Астана сүйлөшүүсүнүн маанилүү мүчөсү болот деп күтүлүүдө.

Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым Сирия боюнча Астана сүйлөшүүсүнө бардык тараптар катыша аларын айткан:

- Ал бардык тараптарга ачык. Анткени ал согушту жана өлтүрүүнү токтотууну көздөйт. Биз бул мааниси жок согушта адамдардын өлүмгө учурап жатышына эч ким макул эмес деп ойлойбуз. Терроризмге аралашпаган, тынчтык жана бир туугандыкты барктаган ар кандай топтор, өзгөчө Улуттар Уюму жана Кошмо Штаттар, ал жетектеген коалиция тынчтык жараяндын бир бөлүгү боло алат.

Сирияда ок атууну токтотуу жана тынчтык жараянын баштоо боюнча 20-декабрда Москвада Орусия, Түркия жана Ирандын тышкы иштер министрлери сүйлөшүү өткөргөн. Андан кийин бул өлкөлөрдүн президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, Сирия боюнча тынчтык планы даяр экени кабарланды.

Орусия жана Түркиянын ортомчулугу астында жетишилген ал келишимдин Сириядагы террордук деп саналган “Ислам мамлекети” жана "Жебхат ал-Нусра тобуна" тиешеси жок. Аларды жок кылуу боюнча күрөш улана бермекчи.

Анкара жана Москванын ортомчулугу менен жетишилген келишим 30-декабрдан тарта күчүнө киргенден кийин да айрым кагылышуулар орун алганы кабарланды. Бирок жалпысынан ок атууну токтотуу келишими сакталып жатканы айтылууда.

Сирияда жарандык согуш 2011-жылы башталып, андан бери 300 миңдей адам өлүп, миллиондогон тургундар жер которуп кетүүгө аргасыз болду.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG