Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:19

АКШ: Трамптын талаштуу жардыгы сотто каралууда


7-февралда Сан-Франциско округдук Апелляциялык соту президент Трамптын 7 мусулман өлкө жарандарынын АКШга келүүсүн чектеген жардыгы боюнча угууларды баштады. Судьялар жардыкты коргоо үчүн келген өкүлгө оор суроолорду берди.

Президент Дональд Трамп 27-январда коопсуздук боюнча жардык чыгарып, анда Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Йемен жана Судан жарандарынын АКШга келүүсүн 90 күнгө, качкындарды кабыл алууну 120 күнгө токтотууну буйруган.

Президенттин жардыгы АКШда массалык нааразылыктарды жаратты, сотко кайрылуулар жаады.

Андай арыздардын бирин Сиетл федералдык соту карады. Судья Жеймс Робарт президенттин жардыгы Конституцияга каршы келет деп, аны 4-февралдагы чечими менен токтоткон. Анын натыйжасында визасы бар жети өлкө жарандарынын Кошмо Штаттарга келүүсүнө кайрадан мүмкүнчүлүк ачылды.

АКШнын Юстиция министрлиги Сиэтл сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Сан-Францисконун Апелляциялык сотуна кайрылган. Апелляциялык сот 7-февралда бул маселе боюнча угууларды өткөрдү.

Анда Юстиция министрлигинин адвокаты президент Трамптын 27-январдагы жардыгын күчүндө калтырууну өтүнүп, Кошмо Штаттарга кимдин келип-кетишин президент чече алат деди.

- Конгресс чет өлкөлүктөрдүн кээ бир категориясын киргизбей коюуга президентке атайын ыйгарым укук берген. Президент мына ошону колдонду,- деп айтты Юстиция министрлигинин адвокаты Огуст Флентие сотто жардыкты коргоо учурунда.

АКШ президенти Дональд Трамп 27-январдагы жардык өлкө жарандарынын террордук коркунучтан сактоо үчүн чыгарылганын 7-февралда дагы бир жолу белгиледи:

- “Ислам мамлекети” айтып жатат, биз Кошмо Штаттарга жана башка мамлекеттерге миграциялык жол менен өтөбүз деп. Андайлардын келишине чара көрүүгө жол бербей жатышат.

АКШнын ондон ашуун штаты, жүздөгөн компаниялары жети өлкө жарандарынын АКШга келишине чектөө киргизүү, качкындарды кабыл алууну токтотуу Конституцияга каршы келерин, ал жарандарга жана кызматкерлерге “орду толгус” зыян алып келерин билдирип чыгышкан.

Сан-Франциско округдук Апелляциялык сотунун демократ президент дайындаган эки судьясы жана республикачы президент дайындаган бир судьясы Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнө курч жана оор суроолорду беришти. Судья Уильям Кэнби АКШга виза менен келген жети өлкө жарандарынын кылмыш жасаганы катталганбы деген суроону койду. Министрликтин адвокаты Флентие андай катталган кылмыш жок экенин моюнга алууга аргасыз болду.

Сан-Франциско округдук Апелляциялык соту чечимин ушул жума соңуна карай чыгарышы күтүлүүдө.

Кошмо Штаттардын Конгрессинде да жети өлкө жарандарына АКШга келүүгө убактылуу чектөө киргизүү каралды. АКШнын ички коопсуздук министри Жон Келли 7-февралда Конгресс комитетинде текшерип өткөрүүдө кошумча чаралар каралып жатканын билдирди:

- Биз айрым толуктоолорду киргизүүнү караштырып жатабыз. Айрым мамлекеттерге өзгөчө көңүл бурушубуз мүмкүн, кошумча мамлекеттер тизмеге киргизилбейт, биз текшерип өткөрүү схемасы жараянына кошумча киргизүүнү караштырып жатабыз. Андай кошумча чара жакында мага, андан президентке берилет. Биз ал аркылуу АКШга адамдын кандай иш менен келгенин, кандай өтмүшү бар экенин биле ала турган болобуз. Эгерде кошумча текшерүүдөн өтүүнү каалабаса, кызматташууну каалабаса, андайлар Кошмо Штаттарга киргизилбейт. Андайлардын буерде болушка укугу болбойт. Эгерде кызматташууну каалабаса, анда ошондой болсун.

Кошмо Штаттарда жана дүйнөдө карама-каршылыктуу пикирлерди жараткан президенттин жети өлкөдөн жарандардын келишин чектеген жардыгы боюнча акыркы чекитти кандай болгон күндө да АКШнын Жогорку соту тарабынан чекит коюлары айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG