Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Атамбаев: Парламент ушак тараткан жер болуп калды


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маданият кызматкерлерине сыйлык тапшыруу иш-чарасында айтты.

“Мисалы, 2-3 айдан бери Жогорку Кеңеште кайра-кайра депутаттык комиссия түзүлүп, ызы-чуу токтобойт. Ураган Боингде “Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон”, “Атамбаевдин Кипрде акчасы бар”, “Атамбаевдин аялынын эсебинде акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон” деген ушактар парламенттин трибунасынан айтылып, Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып баратат”, деди президент.

Президенттин билдиришинче, Кипрде акчасы болсо депутаттар бөлүшүп алышсын.

"Эми депутаттар чындыкты билгиси келсе, эки айдан бери ызы-чуу салбай, Гонконгго, Стамбулга деле барып келишсе болмок да? Венага, Венецияга, Америкага барганга убакыт бар, чындык издегенге убакыт жок. Билетке акчасы жок десең – көбү миллионер. Анда керек болсо, билетин мен сатып берейин. Ызы-чуу салбай, ушак таратпай, элге чындыкты тезирээк айтпайбы? Кипрге да билет алып берейин, доверенность да берейин. Ал жерде акчам болсо, ошол депутаттар өздөрү бөлүп алышсынчы! Өздөрү деле мунун бардыгы жалган, калп экенин билишет. Бирок, президентти жаманат кылып, элди дүрбөткүсү келип жатпайбы! Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев сессияда депутаттарга кайрылып, “тарап эле кетпейлиби” деген сунуш айтты. Ал го, мародер акесине болушуп, күйүп айтты, бирок, мен анын сунушун колдойт элем", деди мамлекет башчысы

Ошондой эле президент “дагы далай лөктөрдүн кыңыр иштери ачыларын”, өзү болсо президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин спикер да, премьер-министр да болбосун айтты.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев 1-мартта Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча маселе каралып жаткан учурда парламент курч маселелерди талкуулай албаса, анда тарап кеткени жакшырак деген пикирин билдирген.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда таңга маал "Манас" аба майданында Австриядан учуп келери менен "коррупция" жана "алдамчылыкка" шектелип камакка алынган. "Ата Мекен" партиясы Өмүрбек Текебаевдин камалышы анын Кипр сапарына байланыштуу экенин билдирген. Президенттик аппарат "Ата Мекендин" маалыматтарын четке каккан.

XS
SM
MD
LG