Алты жылдан бери уланып жаткан жарандык согушта Сирияда 2016-жылы 652 бала набыт болуп, миллиондон ашууну качкын катары жабыркашкан. ЮНИСЕФтин 13-мартта жарыяланган баяндамасында, “жалпы өлкөдө зордук-зомбулуктун күчөшүнө жараша өткөн жылы балдарды өлтүрүү, майыпка учуратуу жана согушка тартуу кескин өстү” деп белгиленген.
Сирияда жарандык согуш 2011-жылы март айында президент Башар Асадга каршы нааразылык акцияларынан кийин башталган. 2016-жылы 652 бала набыт болуп, ал 2015-жылга салыштырмалуу 20% өскөн. Кеминде 255 бала мектеп же ага жакын жерлерде өмүрүн жоготкон. (AiT)