Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Дача СУнун тургундары бийликке кайрылды


Дача СУ айылындагы митинг, 14-март, 2017
Дача СУ айылындагы митинг, 14-март, 2017

Бишкектин четинде авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ айылынын тургундары элди коопсуз аймакка көчүрүү жана кырсыкка жоопкерлерди таап жазалоо талаптары жазылган кайрылуу кабыл алышты. Президентке, спикерге жана өкмөткө жолдонгон кайрылуу он беш пункттан турат жана талаптар он күн аралыгында аткарылыш керектиги белгиленген.

Бүгүн аталган конушта 200 чамалуу адам митинг өткөрүштү. Анда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов айылды көчүрүүгө азырынча жер жоктугун, негизги көңүл кырсыктан жабыркагандарга жардам берүүгө бурулуп жатканын билдирди.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" жүк учагы кулап, 39 адам набыт болгон. Анын отуз беши айыл тургундары. Жыйырмадан ашуун үй кыйраган. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн өкмөт ачкан банк эсебине соңку маалыматтар боюнча 96 миллион сомдон ашуун акча чогулду. Каражат топтоо уланууда.

Кулаган учак Түркиянын АСТ авиакомпаниясына таандык болгон. Аталган ишкана жабыркагандарга кенемте төлөп берүүгө убада кылган. Азырынча акча бериле элек.

Андан тышкары президенттин фондунан кырсыктан жапа чеккен ар бир үй-бүлөгө 100 000, өкмөт башчынын фондунан 70 000, спикер фондунан 80 000 сомдон берилери айтылган. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG