Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Бишкекте ЖМКдагы кырдаал талкууланууда


Көз карандысыз журналисттер союзу медиа менен бийликти конструктивдүү диалогго чакыруу максатында жыйынга чогулду. Анда айрым басылмалардын бийлик тарабынан сотко берилиши талкууланууда.

Көз карандысыз журналисттер союзунун төрайымы Тамара Валиева жагдай боюнча сүйлөп жатып, журналисттерди бийликтин кысымына каршы биригүүгө чакырды.

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан жыйынга журналисттер, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Чакыруулар Президенттик аппаратка, өкмөткө, парламентке, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага да берилген. Бирок уюштуруучулар бийликтен эч ким келбегенин маалымдады.

Башкы прокуратура "Азаттык" радиосу менен "Заноза" басылмасын "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчынын дарегине айткан сөздөрүн жарыялаганы үчүн "президенттин аброюна шек келтирди" деген негизде марттын башында сотко берген.

КСДП партиясы туура эмес маалымат таратты деп, "24.kg" агенттигинин үстүнөн сотко кайрылган. (UEz\SE)

XS
SM
MD
LG