Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

"Медиа полиси институту" ЖМКны сотко берүү эрежесин түшүндүрдү


Коомчулукка жарыяланган кабарлар үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары эмес, ошол маалыматты журналисттерге айткан тараптар жооп берүүгө тийиш. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан талкууда "Медиа полиси институту" уюмунун юристи Алтынай Исаева билдирди. Адис мындай кырдаалда медиа уюмдар жоопкерчиликтен бошотулушу керектигин белгиледи.

Көз карандысыз журналисттер союзу медиа менен бийликти конструктивдүү диалогго чакыруу максатында жыйынга чогулду. Анда айрым басылмалардын бийлик тарабынан сотко берилиши талкууланууда.

Жыйында журналист Кубан Абдымен жалпыга маалымдоо каражаттарында кесиптик этикадан аша чапкан учурлар да кездешерин сындап, маалымат эки булактан такталбаган учурлар жарыяланарын, айрым журналисттердин кесиптик чеберчилиги суроо жаратарын айтты.

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан жыйынга журналисттер, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Чакыруулар Президенттик аппаратка, өкмөткө, парламентке, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага да берилген. Бирок уюштуруучулар бийликтен эч ким келбегенин маалымдады.

Башкы прокуратура "Азаттык" радиосу менен "Заноза" басылмасын "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчынын дарегине айткан сөздөрүн жарыялаганы үчүн "президенттин аброюна шек келтирди" деген негизде марттын башында сотко берген.

КСДП партиясы туура эмес маалымат таратты деп, "24.kg" агенттигинин үстүнөн сотко кайрылган. (UEz\SE)

XS
SM
MD
LG