Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

Беларуста бекерпоздук үчүн салыкка каршылык акциялары уланууда


Минскидеги демонстрация.
Минскидеги демонстрация.

Шаршемби күнү Минскиде эки миңден көп киши көчөгө “Лукашенко, кет!” деген ураан менен чыкты. Активисттер “жатып ичерлик үчүн” 200 доллар салык төлөөгө каршы чыгууда. Минскиде акция бийлик менен макулдашылган болсо, Гродно, Брест жана Могилев шаарларында уруксат берилбеген митингдер өттү. Полиция ондогон адамдарды кармап кетти. Нааразылык акциянын катышуучусу Любовь:

- Анткени мен каршымын. Азыркы бийликке жана мына бул режимге каршымын. Менин эки балам бар, аларды тарбиялоого, алар менен болууга мага тыюу салып жатат. Мен балдарымды тарбиялоонун ордуна арзыбаган тыйын үчүн кулдай иштешим керек экен. Мен эл мененмин. Региондордо жумуш жок, Минскиде да жок. Бул өзүм билемдикке канча чыдоого болот?

Акция катышуучулары өлкөдөгү мыйзамсыздыктан чарчашканын айтышууда. Калк ичинде каршылык жараткан жатып ичерликке каршы мыйзамдын күчүнө киришин президент Лукашенко бир жылга токтотту. Бирок нааразылык толкунун басуу кыйын болуп жатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG