Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:38

Европарламент Орусияны кармалган украиналыктарды бошотууга чакырды


Европарламент бошотууга чакырган тизмеде 30дан көп украин жараны бар. Алар Орусияда, Крымда жана жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда камакта кармалууда.

16-мартта кабыл алынган чечимде “Орусияда жана убактылуу басып алынган жерлерде мыйзамсыз кармалган украин жарандарын токтоосуз бошотуу” чакырылган. Тизмеде кинорежиссер Олег Сенцов да бар. Ал теракт жасоого даярдык көргөн деп айыпталып, 20 жылга эркинен ажыратылган. Сенцов айыпты абсурд деп атаган.

Орусия же жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардагы абактарда журналист Роман Сушенко, крым татарларынын бир нече лидерлери бар. Орусияга жолдонгон чакырууда бул адамдардын, анын ичинде сот аркылуу куугунтукталып жаткан “Азаттык” радиосу менен кызматташкан Никола Семенконун эркин жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү талабы коюлган. Семенкого байланыштуу сот 20-мартка белгиленген. Ал 2014-жылы Крымды Орусиянын аннексиясы тууралуу жазганы үчүн жикчилдикке үндөгөн деп айыпталууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG