Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Фред Хьюстон: өкүмдөрдү ачык жарыялоо сотко басымга бөгөт коет


Сот.
Сот.

Бул тууралуу "Өнүгүү үчүн укук" эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Фред Хьюстон бүгүн, 17-мартта Бишкекте өткөн талкууда билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстанда сот чечимдерине таасир этүү, кысым көрсөтүүнү алдын ала турган механизм иштеп чыгуу зарылдыгы турат:

- Айрым сотторго телефон аркылуу эмес, кээде кагаз аркылуу кайрылып, кайсы бир чечимдерге таасир этүү аракеттери бар. Бул жерде бардыгы судьянын эркинен көз каранды. Ошондой мыйзам бузуу учурларын бардыгы көрө тургандай кылып, ага каршы туруучу механизмдерди иштеп чыгуу керек. Алардын бири сотторду өз чечимдерин ачык жарыялоого милдеттендирүү. Эгерде аларга бирөөлөр чалып, кандайдыр бир чечим кабыл алууга таасир эткиси келсе, анда соттор ага бара албастыгын, анткени өкүм ачык жарыялана турганын айтып, баш тарта алат.

Жогорку сотто бүгүн “Сот чечимдерин ачык жарыялоо” жана “Маалыматтарга жетүү" мыйзамынын талаптарын аткарбаган сотторду жоопко тартуу маселеси талкууланды. Аталган орган соттук ченемдер, аныктамалар жана өкүмдөрдү толук www.sot.kg сайтына жарыялоону карап жатат.(KJ)

XS
SM
MD
LG